АДЕП ЖАНА КАЙРАТ
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Акыл да өсөт. Акылды адеп өстүрөт. Адам адепти адат кылган сайын акылдуу боло берет. Адепсиз адам акыл-эстен алыс болот.
Адеп — ар кимге татыктуу мамиле кылуу.
Кайрат — адамды улуу иштерге козгогон күч. Улуу иштер көзгө көрүнүшү да, көрүнбөшү да мүмкүн.
Өзгөчө, кимди өзүңө кымбат жана улук деп билсең, анын жүрөгүн оорутпоо жана капалантпоо да кайрат.
Башыңа түшкөн түйшүк чоңбу, же сен сүйгөн адамдын кайгысыбы?
(Сүйүүгө салих адамдар татыктуу)
Кайраттуу адам өз түйшүгүн шылтоо кылып, сүйгөнүнө көңүл кош болбойт. Өз кайгысынын жүгүн доомат кылып, сүйүктүүсүн уятка калтырбайт. Мындай кылбаш үчүн кайрат керек. Кайратты кармап турган адеп зарыл.
Бул да улуу иштин бир түрү. Көңүлдү сактоодой улуу иш барбы?..
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.