КАЛПТАН ТЫЙЫЛЫҢЫЗ!
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Калптын (алдамчылыктын) үч көрүнүшү бар:
1. Убада бересиң да, аткарбайсың. Мисалы, Жийдазор базарынан бир нерсенин баасын билип берем дейсиң, бирок муну кылбайсың. Палан күнү бир жерге, мисалы, Аккамышка бирге барабыз дейсиң да, бул тууралуу эч сөз кылбайсың жана «унутуп каласың». Аянычтуу калп. Анткени бул иштериң сага алдамчы деген тамганы жабыштырат.
2. Абалдарды жана окуяларды туура эмес айтып бересиң, мисалы, болбогон сөздөрдү айтасың, болгон иштерге кошуп-чатасың же азайтасың. Муну өз пайдаңды көздөп кыласың. Пас калпычылык.
3. Кедей-кембагалдарды жана мусапырларды эмес, бай-бакубат адамдарды дос тутасың. Максатың — аларды «саап», сүтүн ичүү. Чын ыкластуу достун образын мыкты аткарасың. Бул жолдо илимди жана динди, абройлуу адамдарды пайдаланасың. Бул — оокат кылуунун эң шерменде жолу.
Муну адамдар билбейт деп ойлобо. Билип-сезип жүргөндөр абдан көп. Шерменде болбой туруп, тезинен тообо кыл. Бечаралар жана кедейлер, тообочул жана жүрөгү сынык адамдар менен жакын бол.
Бул иштин калп экендиги мында: сен акча үчүн, мансап жана даража үчүн болгон «достугуңду» чын деп көрсөтүп жатасың.
Мындан чоң жана жийиркеничтүү алдамчылык болбойт. Илахий адилет өз ишин кылат. Эсиң барда этегиңди жый. Чындыгында, жийиркеничтүү алдоо.
Текшерип көрчү, ушул калпычылыктардын бирөөсү сенде же «досуңда» жокпу?!
Сак болуңуз! Калпычы болбоңуз жана калпычылар менен достошпоңуз.
Калпычы үммөттөн эмес. Калпычы жек көрүндү. Калпычы пас. Калпычы өз калпынын үстүндө рухий жактан жылаңач, башкача айтканда, шерменде адам.
Кудай сактасын!
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.