Башыбызга түшкөн эң оор кырдаалдарда эмне кылуу керек?
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Макбул адеп-ахлактын өнүгүшү
1. Мурда дос болуп, азыр душманга айланган адам жөнүндө сүйлөбөө.
Анткени –
эртең кайра ортоңор жакшырып кетер!
сага кылган жакшылыктарынын урматы жокпу?
2. Мурдагы келишимдерде сыр сактайбыз деп айтылган сырларды эч качан ачыкка чыгарбоо.
Анткени –
бул баарынан мурда сени шерменде кылат, бул ишти кылган кор, кылбаган аздектүү болот.
дал ушул себептен каршы тарап сени таанууга аргасыз болот.
Дүйнөдө сенин сырыңды ачыкка чыгарам деп коркутуудай адепсиздик болбогондой эле, бул ишти кылуудай пастык да жок.
Эгер палан ишти кылбасаң, эл алдына чыгып айтам дегендей акылсыздык, мындай келте ойлуулук жок.
Мунун Исламга эч тиешеси жок, анткени ислам – зирек акылга негизделген дин.
Бул атүгүл дипломатия да эмес, атүгүл тактика да эмес.
Бул оңдоонун жана тарбиянын жолу эмес.
Бул ислах жана акылман башкаруу эмес.
Мунун эң жумшак сыпаты – балалык мүнөз.
3. Чечим чыгарбоо.
Анткени –
мусибат денедеги савда деп аталган кара түстөгү суюктукту көбөйтөт.
савдасы ашкан адамдан зыян чыгат.
4. Мээ муздашы үчүн унчукпай туруу жана тынчтануу үчүн жалгыз калууга баруу же анын ордуна кандайдыр бир туура иш кылуу.
Анткени–
сүйлөө сени алсыз көрсөтөт.
адеп-ахлагыңдагы кемчилик ачыкка чыгат.
5. Досторду сатпоо, коркпоо, кандай абалда болсо да бирөөнүн абийирине так боло турган катаны элге айтпоо, мүмкүн болсо, эч кимге айтпоо.
Анткени –
адепсиз иштерди ачыкка чыгаруу адамдардын жүрөгүн карартат.
ишенимдерди өчүрөт.
сен күнөөнү көрдүң, бирок тообону көргөн жоксуң, балким ал тообо кылгандыр?!
Максат ислах болсо, ар дайым оңдоо жолун ойлонуу керек.
Оорулууну айыктырууга да убакыт керек.
Адамдарга да оңолушу үчүн убакыт берилет.
Анткени Алла сенин канча-канча күнөөлөрүңдү азырынча ачыкка чыгарган жок, себеби ал Зат сага тообо кылууга убакыт берип жатат.
Тоофик Алладан.
Эскертме:
Бул жаттап алынган сөздөр эмес, тажрыйбанын, канду көз жаштардын жана уйкусуз азаптуу түндөрдүн насааты.
Акром МАЛИК



Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.