Башыбызга түшкөн оор кырдаалдарда эмне кылышыбыз керек?
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Макбул адеп-ахлактын өнүгүшү
Экинчи бөлүм
Бул темада жакшы кеңештер жазылган эле, алхамдулиллах.
Бирок бүгүн бир негизги иш унутулуп калганы байкалды.
Насааттардын көбүндө бул амалдын эстен чыгып калганы да бекеринен эмес окшойт. Анткени бул иш мусибат учурунда да эстен чыгып кетиши ыктымал.
Бул – истигфар жана тообо.
Мусибатка кабылган адамдын алгачкы иши Аллага истигфар айтуу жана тообо кылуу болушу талап кылынат.
Анткени ар кандай кыйынчылыкты – чийелешкен түйүндү чечүү жалгыз Кудайдын эркинде.
Максат – көйгөйдү чечүү эле эмес, тескерисинче, көйгөйдөн пайда менен чыгуу.
Башыңа кандай мусибат келбесин, андан аман-эсен гана эмес, көп жакшылыктардын түшүмү менен чыга алсаң, бул момунга таандык жеңиш болот.
Башкача айтканда, жеңиш дегенде –
күнөөлөрдөн тазалануу;
туруктуулуктун сыналышы;
сабырга жана тажрыйбага ээ болуу;
жакшы менен жаманды ажырата билүү;
эң негизгиси, өз напсиңди изилдеп таанып-билүү;
хикматтарды табуу
жана Раббиңе дагы да жакыныраак абалда мусибаттан чыгуу назарда тутулат.
Ааламда адам ээ боло турган эң чоң жакшылык – адамгерчилик; көркөм адеп-ахлак.
Бул эки түшүм оңой менен келбейт.
Ал китеп окуу жана насаат угуу менен гана эмес, Кудайдын хикматы менен келген мусибаттар жана азаптар аркылуу келет.
Буга жетүүнүн эң биринчи шарты – истигфар жана тообо.
Анткени мал-дүйнөнү жоготуу адамдын абийирине доо кетирбейт, бирок адамгерчиликти жана адеп-ахлакты жоготуу ар-намысты сындырат.
Акром МАЛИК



Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.