Чет өлкөдө окуу жогорку максат катары каралбашы керек. Максат окуу эмес, илим алуу. Илим алуу эмес, кандай…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Чет өлкөдө окуу жогорку максат катары каралбашы керек. Максат окуу эмес, илим алуу. Илим алуу эмес, кандай илимди алуу – эң маанилүүсү.
Кандайдыр бир бай мамлекет мени акысыз грант эсебинен окутат деп жүрөктүн дүрбөшү ички бир сезимдик жана акылдык боштуктун белгиси.
Калыптанбагандыктын белгиси.
Бактымды бөтөн журттан табам деп айтуу өзүңө жат экениңе далил.
Четте окуба деп айтылып жаткан жок, бирок четте окуу бардык максаттарга эшик ачат, муратыма ушул аркылуу жетем деп айтуу ката.
Четте окуу жашоодогу зарылдыктын натыйжасы болушу керек.
Жашап жатасыз, бир нерсе өндүрүп жатасыз, бирок белгилүү бир тажрыйба сизде жетишпей жатат. Бүт Өзбекстанда мына ушул тажрыйба жана илим жок болсо, барыңыз да, кайдандыр үйрөнүп, тез келип, муну иш жүзүнө ашырыңыз. Бүттү, маселе чечилди.
Жөн эле учуп-конуп, четте окуу – бакыт деп же четте окуу – бул статус деп чуркап жүргөн болсоңуз, максат жана жашоо жолун аныктоодо жөн гана омурткасыз абалдасыз.
Жаштарды да четке окууга жиберип, чет өлкөнүн түсүн жылтыратып көрсөтө берүүнүн кереги жок.
Башкача айтканда, ар бир жигит-кыз өз журту, мекени, эли, жашоо максаты жөнүндө бекем жана туруктуу түшүнүктөргө ээ болушу керек.
Дүйнөнү өз жүрөгүңдөн ача алсаң, кана.
Бирок бул сөздөр өз журтунан башка бардык бөтөн өлкөнү сүйгөн; өз мекенинен башка жат жана текебер элдерге жүрөгү жана акылы менен багынган адамдарга жакпайт, анткени чындыкты моюнга алууга напсинин кумары тоскоол болот.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.