Тил

Калем – Кудай берген нээмат. Калем дегенде көркөм, илимий чыгармачылыкты, кепти, ваазды эске алабыз.…

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Калем – Кудай берген нээмат. Калем дегенде көркөм, илимий чыгармачылыкты, кепти, ваазды эске алабыз. Романдар, повесттер, аңгемелер; ырлар, касыйдалар, дастандар жана башкалар. Калем баарынын колуна берилген эмес. Кудай кимди кааласа, ага калем бериптир. Колуна калем берилген адам аны алууда ыктыярсыз болгондой, аны таштоодо да ыктыярсыз. Жазуу дартына чалдыккан адамдын бул дарттан кутулушу мүмкүн эмес. Табиятына жазуу сыпат катары жазылган экен, адам баласы жазуу каалоосунун алдында айласыз калат. Жылан ойноткучтун өлүмү жыландан, дорбоздун өлүмү дардан дегендей, калемгердин өлүмү калемден болушу да ыктымал. Башкача айтканда, калем кармаган калемди ката жолго жумшаса, сөзсүз анын азабына өзү кабылат. Ошол себептен калемди туура максаттарга туура ниет менен колдонуу керек. Калемдин максаты – адамдарды чындыктардан кабардар кылуу. Чындык ушул: адам өзүн оңдобосо, эч нерсе туура болбойт. Аалам сенин жүрөгүң менен сүйлөшөт. Жүрөгүңдө бары сага бет келет. Тагдырыңда болгон ар бир иш жүрөгүңдөн чыгып келген. Жүрөгүңдү түз тут. Жүрөктүн түз болушу чынчылдык, адилеттик, ак пейилдик, эрдик, адамды сүйүү, сулуу мүнөз, сабыр, чыдамкайлык, шүкүр, жакшылык, сүйүү, хикмат, токтоолук, боорукердик, кичипейилдик, момундук, жумшактык, баатырдык, ой жүгүртүү, канаат, инсап, ыйба сыяктуу сапаттар менен көрүнөт. Жалганчы – бактысыз; залым – ыплас; эки жүздүү – пас; коркок – кор; адамдарды сүйбөгөндүн тагдыры – сүйүүсүздүк; мүнөзү суук болгон – жалгыз; сабырсыз – жолсуз; чыдамсыз – шерменде; шүкүрсүз – куру калган; жакшылыксыз – жаман; жеңил ойлуу – баркы жок; кыска акыл – алсыз; ырайымсыз – азапка кабылган; текебер – акмак; көзү катуунун жүрөгү катуу; баатырдыгы жок бошоң – чөккөн; ой жүгүртпөгөн – наадан; ач көз – бут астында; инсапсыз – куулган; ыйбасыз – жек көрүүгө кабылуучу. Эл-журт сулуу мүнөзгө жана хикматка муктаж. Сулуу мүнөз жана хикматсыз эч максат ишке ашпайт. Калем адамдарга сулуу мүнөз жана хикмат эшиктерин ачышы керек. Калем жалгыз гана адамдын жеке дарттарын билдирүүчү эмес, же ал кишилерди айыптоо үчүн милдеттендирилген эмес, тескерисинче, ал эл үчүн чындыкка бара турган жолду көрсөтүүчү шамчырак. Чындык – нур, сага бейпилдик жана ырахат, шык-шоокум, ыракат жана умтулуу тартуулай турган ачылыш. Менимче, калемдин милдетин туура түшүндүм. Түшүнгөнүм улуулардын барактарын окуудан пайда болду. Жүрөгүңүзгө сырдаш, жолуңузга жолдош, машакаттарда колдош боло турган сөздөрдү Кудайым көңүлүмө илхам кылышынан жана аны сиздерге жеткиришинен үмүттөмүн...

3 050жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    УЛУТТУН АКЫЛ КУБАТЫ

    Акылдын кубаты илим менен өлчөнөт. Окуу. Изденүү. Далилдерди байкоо. Чогултуу. Салыштыруу. Иргөө. Логикалык жыйынтык чыгаруу. Мына ушул – акылдын кубатынан далалат. Бул ишке…

    1 мүн.

    Ысыктын карама-каршысы – суук, актын тескериси – кара, жакшынын алдында – жаман жана башкалар. Дүйнө иштери…

    Калайык да эки бөлүк: хас жана авам. Авам ойлонбойт, ээрчийт, кыйкырат, чакырат, кууса, жапырт куат, качса, жапырт качат – эс-уштан ажыраган топ. Калың элдин сүйүүсү, көңүлү жана…

    1 мүн.

    УЗАК ӨМҮР КӨРҮҮНҮ КААЛАЙМ, билесиңби, эмне үчүн?

    Раббим берген тагдырды ыраазылык менен жашап өтүү үчүн. Раббиме тообо кылып калуу үчүн. Кудайыма көптөн көп ибадат кылуу үчүн. Адамдарга көп кызматым жетиши үчүн. Адамдарга көптөн…

    1 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.