ҮЧҮНЧҮ БАП
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
ҮЧҮНЧҮ БАП УУЛ
Төртүнчү бөлүм Кенже уул
Жомоктордо кенже баатырларга өзгөчө артыкчылык берилет: ийгилиги келет, иши жүрөт, ажыдаарларды өлтүрөт жана башкалар. Элде «супракакты» деген сөз бар, бул жашы улгайган ата-энелердин дүйнөгө алып келген кенже перзенттеринин аты. Кенжетайда бир катар өзгөчөлүктөр бар, булар андан улууларда табылбайт: биринчиден, ата-эне кенжетайды дүйнөгө алып келгенде бир топ жашоо тажрыйбасы арбыган болот; бала тарбиялоого, багууга да чебер болуп калат; көбүнчө, кенжетай төрөлгөндө улуулар чоңоюп, мектепке, университетке жана жумуштарга кетип, короо ээн калат. Мына ушул убакта кенжетай абдан керекке жарайт: ата-энеге эрмек болуп турат, улуу ага үйлөнүп, небере келгенге чейин ай да, күн да кенжетайдан тууп турат. Бул өз жемишин берет: кенжетайда өзгөчө эркелик, өзгөчө кайраттуулук, өзгөчө акылдуулук, мээримдүүлүк, ата-энеге жакындык, көп учурларда өзгөчө сулуулук да көзгө урунат. Кенжетай агаларынын коргоосунда, чоң үй-бүлөдө чоңойгондо, анда мүнөздөрдүн жакшысы өнүгүшүнө да мүмкүнчүлүк пайда болот. Кенжетайга ата-эне өзү кааласа да, каалабаса да, көбүрөөк камкордук кылат. Анын тентектигине чыдайт. Кечирет. Буга агалар таң калбашы керек: алар ата-энеси жаш кезде төрөлүшкөн, кенжетай ата-эне бышып жетилгенде төрөлдү, бул убакта ата-эне кең пейил, кечиримдүү, ачууланбаган, жоош мүнөзгө ээ болот. Үй-бүлөдө бир эркетай болсо, болуптур да: кенжетайларга ушундай артыкчылык берилсе, жарашат, алар үй-бүлө чөйрөсүнө жылуулук, шаңдуулук берип турушат; алардагы өз алдынчалык, тайманбастык, зээн, эс тутум, ата-энеге жакындык бүт үй-бүлөнүн берекеси болуп кызмат кылат.
Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.