Тил

ҮЧҮНЧҮ БАП

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

ҮЧҮНЧҮ БАП УУЛ

Бешинчи бөлүм Ага-инилер

Ага-инилер урушпайт. Алар көрө албас эмес. Алар өз ара мээримдүү, шериктеш, кең пейил. Агасы инисине кылган жакшылыгын эсептебейт. Иниси агасы үчүн жардамын миннет кылбайт. Ага-инилер бири-бирин эч качан четте калтырышпайт: алар чогулуп, ата-энеге белектерди даярдашат; чогулуп бири-бирине унаа, үй алышат; бири-бирине жакшылык кылууда жарышышат. Бул эрежени баары бирдей аткарса, баары ыраазы жана кубанычта. Эгер бир тарап аткарып, бир тарап жоопкерсиздик кылса, иш бузулат. Ага-инилер дайыма бирдиктүү болуп, бири-биринин каталарын кечиришет, мүнөзүн көтөрүшөт, ага араба мингенде ини жерде калбайт; ини унаада учканда, ага жөө болбойт. Ини атүгүл агадан уялып, унаа мине албайт: агамдан мурун кантип деп ойлойт. Адегенде агам, анан мен дейт. Ага да эң жакшы нерселерин иниге тартуулайт. Ага-инилердин ортосуна араздыкты аялдар салышы мүмкүн, ошол себептен ага-инилер өз аялдарына жигарларын ушактабайт, агам, иним деп оозунан бал тамат. Балдарына «абаң — менин ордумда ата» деп түшүндүрөт. Ага-ини бири-бирине жардам берүү үчүн жер жүзүнүн каалаган бурчунан жетип келе алат. Ага-ини өз ара биримдиктен бакыт сезет. Ага-ини эң биринчи жакшылыкты бири-бирине тартуулайт. Ага-ини ата-энени капа кылбоо үчүн өз ара кемчиликтерин жашырып, ата-энеге жакшылыкты, сулуулукту гана көрсөтүшөт. Ага-инилердин арасынан адашкан бирөө чыгып калса, мээрим жана боорукердик, тарбия жана эскертүү менен туура жолго кайтара алышат. Ага-инилер балдарынын ынтымактуу болушу үчүн шарт түзүп, бири-бириникине тез-тез конок болушат. Ашарлар уюштурушат. Ага-инилердин ортосунан кыл өтпөйт. Ага-инилердин биримдиги ааламдарды багындырат, кастыгы дүйнөлөргө от коёт. Ага-ини бири-биринен эч качан баш тартпайт, ааламда ага-иниден жакыныраак кайсы кандаш бар дагы?! Аганын эскертүүсүнө, көрсөтмөлөрүнө ини баш иет, аганын буйругу ини үчүн ата буйругунун ордунда. Ини аганын сөзүн жерде калтыруудан уялат. Ага иниге дайыма баш жана эч качан аны өз абалына таштабайт. Ага инисинин үй-бүлөсүнө, ини аганын үй-бүлөсүнө тарбиячы да, башка зарыл жагынан да камкор жана жоопкер.

Акром МАЛИК

2 860жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    ҮЧҮНЧҮ БАП

    УУЛ Төртүнчү бөлүм Кенже уул Жомоктордо кенже баатырларга өзгөчө артыкчылык берилет: ийгилиги келет, иши жүрөт, ажыдаарларды өлтүрөт жана башкалар. Элде «супракакты» деген сөз…

    1 мүн.

    ҮЧҮНЧҮ БАП

    УУЛ Үчүнчү бөлүм Ортончу уул Ортончу уулдардын өзгөчө жактары — согушчандык («урушчаактык» десек, бир аз орой чыкты), куулук, башкаруучулук, катаалдык, кол өнөрчүлүккө, соода жана…

    1 мүн.

    ҮЧҮНЧҮ БАП

    УУЛ Экинчи бөлүм Тун уул Тун уулдар табиятынан мээримдүү, көңүлчөң, токтоо жана камкор болушат. Алардагы бул сапаттар тубаса болот. Дээрлик бардык туңгучтар ынтымакчыл, этиятчыл,…

    2 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.