Адамдагы айрым оорулардын жашыруун мезгили болот экен — оору дененин ичинде жашынып отуруп, анан ыңгайлуу…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Адамдагы айрым оорулардын жашыруун мезгили болот экен — оору дененин ичинде жашынып отуруп, анан ыңгайлуу учур тапканда өзүн көрсөтөт имиш. Ушуга окшош адамзаттын рухий оорулары да дайыма жашыруун, аны киши көрө албайт, көрүшү үчүн бир аз илим жана рухий табиптин жардамы зарыл. Өзгөчө, наадандык — илимсиздик да эң олуттуу оору, балким, бардык иллеттердин энеси. Эң кызыгы, адамдар наадандыкты оору деп билишпейт. Наадандыкты оору деп билбегендерге илим бербеш керек, анткени алар эч качан илимдин баркын билишпейт. Ушул мааниде, урматтуу мугалимдер жана кадырлуу устаттар босогосуна баш уруп келбеген бир да наадан адамга илим бербегени жакшы иш, наадандын артынан илим берем деп жүрбөө шарт, илим да, илим ахли да кордукта жана зарлыкта калбасын үчүн. Атүгүл илим издеп келген наадандарды айдап чыгаруу керек, алар илимсиз кыйрайбыз деп кайра-кайра эшик каккандан кийин илим берүү жөнүндө ой жүгүртүлсө, арзыйт. Азап жана машакат менен алынган илимди наадандарга жана арамзаларга бербеңиз, анын ордуна кор болуп, буттун астында каласыз.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.