УЛУКТАРГА КАТАЛАРЫН АЙТУУ КАНЧАЛЫК ТУУРА?
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Жаңы деп аталып жаткан заманда сөз эркиндиги деп аталган бир апийим коомдорго ичирилди. Ал эркиндикке ылайык, ар ким оозуна келгенин айтуу адепсиздигине ээ болду.
Зулумдуктун жаңы кейпи сөз эркиндигинин сыпатына кирди. «Ар ким напсиси буйруганын айтсын, бул адилеттин пайдубалы!» деген негизсиз эреженин максаты абдан коркунучтуу эле. Башкача айтканда, эркин мекендерди басып алуу ниети менен ал жердеги элдерди өз мамлекеттерине каршы көтөрүү үчүн бул эреже бир курал кылып алынды. Адегенде адамдар эркиңер муунтулуп жатат деп ишендирилди. Анан падышалар залим деп тааныштырылды. Эркин сөз апийими жедирилди. Мас болгон топ өзүнүн үстүндө турган калкалоочусуна балта көтөрдү.
Биз «Сүйлөсөң, жакшы сөз сүйлө. Болбосо, унчукпа!» – деген буйрукту алганбыз.
Бүгүн улуктарга алардын каталарын айтуу эрдик деп бекитилип жатат. Мында бир нече назик жактар бар: 1. Сен улук адамга тийишүүгө канчалык акылуусуң? Бул ишти кылышың — чектен чыгуу. 2. Улуктардын алдында унчукпоо жана кызмат кылуу — жаштардын иши. 3. Улуктар кылып жаткан иштин хикматын түшүнүүгө илимиң, тажрыйбаң жана көкүрөк көзүң али алсыз. Качан алардын ордуна чыксаң, баарын түшүнөсүң. Ага чейин сабыр кыл. Сабыр менен эч нерсе жоготпойсуң.
Улуктар кимдер? Биринчиден, асылзаадалар, башкача айтканда, тектүү насилден болгон сейиддер, аалымдар, амирлер, иш башчылар, жетекчилер; устаздар, аталар, агалар. Алардан насаат алуу, аларды баалоо, аларга моюн сунуу керек. Кемчилик кетсе, алардын оңолушу үчүн дуба кылуу жана күтүү зарыл. Парда көтөрүлбөсүн. Адеп менен ыйбаага доо кетпесин.
Эгер кичүү кичүүлүгүн билбесе, улуу улуулугун унутса, баштар бут, буттар баш болот, ат менен иттин изи аралашат, тартип жоголот. Илим жана хикмат ээлери босогого түшөт, наадандык жана пасыктык ээлери төргө чыгат – адилет жоголуп, зулум үстөмдүк кылат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.