Тез натыйжа болбойт. Кимдир бирөөнүн ырыскысы кең болуп, жаш кезинде байып кетиши мүмкүн. Бирок бул өмүр бою…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Тез натыйжа болбойт. Кимдир бирөөнүн ырыскысы кең болуп, жаш кезинде байып кетиши мүмкүн. Бирок бул өмүр бою ушундай түрдө акча агып келип турат дегенди билдирбейт. Көңүлүнөн тез натыйжага жетем деген ойду, тагыраак айтканда, азгырыкты чыгарып таштаган адам бейпил болот. Бир бала 9 ай 9 күндө төрөлөт. Бир жигит 20 жашта денеси, акылы менен жашоого даяр болот. Адам 40 жашта кемелине жетет. Мөмөлөрдүн бышышы үчүн да убакыт керек. Эмне тез бүтүп жатса, ал табигый эмес. Жаштар тез натыйжа чыгарам эмес, адал эмгек кылсам, машакаттарга чыдасам, сабыр кылсам, токтобосом, бышык жана так натыйжага жетем дешсе, максатка ылайык. Ошол натыйжа балким 10, балким 20 жыл убакытты талап кылат. Кимдир бирөө чыгып, сизге тез натыйжага жетүү үчүн беш шартты айтам, ушуну аткарсаңыз, натыйжага жетесиз деп айтып жатса, ал – калпычы. Ал сиздин көңүлүңүздүн эсебинен тирикчилик кылгысы келет – көрүүлөрдүн санын көбөйтүп, сизди кармап, акчаңызды колго киргизгиси келет, бирок анын ордуна эч нерсе таппайсыз. Койнуңуздун пуч жаңгакка толгону жана анын арабаны куру алып качканы калат. Жер менен көктү Кудай алты күндө жаратканынын түбүндө пенделерге шашпоо жана салмактуулук тарбиясы берилген дешет тафсир аалымдары. Кудай шашпайт экен. Адам эмнеге шашсын? Шайтан шашат экен. Шашууга чакыруу шайтанды туурап кой дегени эмеспи? Тармакты тандаңыз, эринбей илим алыңыз, чеберчилик топтоңуз, кечээ жумурткадан чыгып, үн пардасын жыртып кыйкырып жаткан жаш корозго карабаңыз, жок дегенде 20 жылга ылайыктап план түзүңүз: илим, чеберчилик, кесип, усталык; үйлөнүү, араба, үй, туруктуу киреше, ишенимдүү жыйнак жана башкалар. Бүгүн таап, эртең бөтөн бир өлкөгө саякатка барып чачып келем деп эмес, тынч жашоо, бейпил жүрөк, аман-эсен турмуш үчүн. Чоң убада бергенден кач, ал, албетте, сени алдап жатат. Чоң убада берүүчү алдамчы болот.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.