Сегизинчи бап
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Сегизинчи бап
КАЙЫН ЖУРТ
Бешинчи бөлүм
Күйөө бала жана анын кайын журту
Урматтуу окурман байкаган болсо керек, үй-бүлөдөгү ар бир абалды кеңири түшүндүрүүгө жана өзгөрбөс эрежелерди эскерүүгө аракет кылып жатабыз. «Эр жана аял» деп аталган бөлүмдөн кийин «келин» жана «күйөө» деген бөлүмдөрдү өзүнчө чагылдырышыбыздан белгилүү болсун, бул бөлүмдөр эрлер менен аялдардын келиндик жана күйөөлүк милдеттерин туура аткарышы жана алардын ушул абалдагы адеп-ахлагы жөнүндө. Күйөө жаңы үйлөнгөн кезде кубанычы койнуна батпай, жетинчи асманда учат. Бети албырып, ичинен ташып келаткан толкунду баса албай калат. Көзүнө келинчеги абдан ширин көрүнүп, шыкка толуп, эмне десе ошону айтат. Бул да керек. Ушундай болушу зарыл. Бирок акыл жана уят – жашоонун күретамыры, туура жашоонун таразасы. Күйөө канчалык учуп-конбосун, өзүн кармоого жана токтоо, салмактуу болууга аракет кылышы керек. Достору алдында да, ата-эне алдында да оозунан керексиз сөздөр учуп чыгып кетпеши үчүн аракет кылсын. «Ниет-тилек» деп ысырапкерчиликке жана жасалмалуулукка кирип калбасын. Тойдун шаңына алданып, «дайыма ушундай болот экен» дебесин. Келинчек канчалык ширин болбосун, ал баарынан мурда көздүн кубанычы, дилдин сүйүнүчү, жашоонун кызык бир белеги. Башкача айтканда, келинчек бут же санам эмес, ага табынып, сажда кылып, анын бардык каалоолорун аткаруунун зарылдыгы жок. Ага ар түрдүү убадаларды берип, койнун куру жаңгакка толтурбаганы жакшы. Албетте, чыныгы эркек күйөө кезинде ширин сөздөрүн аябайт, мактоо-сыпаттоодо берешен болот. Күйөө төрө өз жеке бөлмөсүндө ачык жүздүү, шайыр, бирок ата-эне алдында келинчегине карата олуттуу болгону, аз сүйлөгөнү, мүмкүн болушунча сүйлөбөгөнү жакшы. Азыркы тойлордо бийлеп, торт кесип жеп, келин салам учурунда барып, маңдайынан өбүүлөргө бул сөздөрдүн тиешеси жок, башкача айтканда, ошол жолду тутункандар биздин айткандарыбызды аткара алышпайт, бул – классикалык жана эски жолду тутам дегендерге арналган кеңештер.
Күйөө бала алгачкы кырк күндө келиндин жанына эртерээк киргени жакшы, кечинде такыр көчөгө чыкпаганы туура. Бирок өзүн кармашында уят жана ийменүү чагылса, ошол кооз көрүнөт. Келин жөнүндө апасына айтпаганы акылга да туура келет, ошондо эртең баары өз ыргагында өтөт. Эне аялдыгына барып, уулун келинден кызганып коюшу мүмкүн, ошол себептен эненин көзүнчө келинге көңүл буруу адепсиздикке айланып кетет. Сүйүү оюндары (сүйүүгө толгон сөз-караштар) жашыруун болсо, кооз. Эгерде эне уулуна келинди сындаса, уул башын жерге салсын, эч качан келинчегин коргобосун, «эсин киргизип коём» дегенге окшош сөз айтсын жана аялына бул маселе боюнча сүйлөбөсүн. Тескерисинче, унчукпай зирек көз менен абалды байкасын, эне эртең ошол айткан сөзүнөн кайтып калышы толук ыктымал. Эгерде келинчектин тили тайып, кайын энеси жөнүндө арыз айтса, «сабыр кыл, бул күндөр өтүп кетет» деп ага жөлөк болбосун, тескерисинче, «апамдын көңүлүн ал, кайра арыз угууну каалабайм» десин. Келинчегине бере турган белектерин жашырып берсин. Бул коркконунан эмес, бул адептен. Келинчегине жакшы жана жумшак сүйлөсүн. Эгерде келинчек боюна бүтсө, муну уул айтпасын. Тунгуч баласы төрөлгөндө да «балам, кызым, уулум» деп айтуудан өзүн тыйсын, бул эски адеп эрежеси. Бүгүн жигиттер дароо «аялым кош бойлуу» деп жар салса, келиндер да курсагын баарына билгизип жүрсө, уялбай «балам, кызым, кыйналып жатам» деп айтса, бул туура дегени эмес. Заман адамдарынан адеп жоголуп, уят пардалары көтөрүлгөн болсо да, бул эски адеп жана ахлак, уят-ыйба керексиз болуп калды же ката дегени эмес, тескерисинче, ошол эрежелерди үйрөнүп, аң-сезимдүү түрдө аткарууга бар күчтү жумшоо зарыл. Себеби мындай ачык-айрымдыктын, пардасыздыктын натыйжасында ата-эненин айбаты кетет, айбат жоголгондо, баш ийүү кетет; баш ийүү таштап кеткенде, жаштар акылына келген ишти кылып, ката үстүнө ката кетирип, жашоонун туюк көчөлөрүнө кирип кетишет. Ошондуктан кандай абалда болбосун, ата-энеден уялуу, адеп мыйзамдарын кармануу туура. Күйөө бала келинчегинин ата-энесине – кайын атасы менен кайын энесине терең урмат сакташы керек. Унутпасын, кайын ата-кайын эне жолдош эмес, ошондой эле өз ата-энесинен жогору да эмес. Алар менен аралык сактап сүйлөшкөнү, алардан жардам жана колдоо алуудан алыс болгону, алардын көзүнчө унчукпаганы, үйлөрүнө тез-тез бара бербегени абзел. Ар барган сайын кайын ата-кайын энеге кандайдыр бир түрдө белек берсе, жакшы. Бирок белектери өз ата-энесине бергенинен кымбаттап кетпесин. Күйөөнү пайгамбар сыйлаган. Келинчектин ата-энеси, башкача айтканда, кайын ата-кайын эне күйөөнү урматташы, атын урмат менен аташы шарт. Эгерде кыздардын тили тайып, күйөөсүнөн арыздана баштаса, «унчукпа» деген жакшыраак. «Кызым, күйөө баламды ыраазы кыл, бизге ал жөнүндө арыз кылба» деп ар дайым баса белгилөө керек. Энелер келин болуп кеткен кыздарына ушак айттырбасын, кудалары жөнүндө терс сөз айттырбасын. «Кудалар» деген бөлүмдө бул тууралуу кеңири токтолобуз, насип болсо. Ошентип, күйөө кайын ата-кайын эне, кайын агалар, кайын инилер, бажалар менен аралык сактап, ойлонулган түрдө мамиле кылат. Анткени тилден чыккан бир эле орунсуз сөз көп көңүл калууну жана бүлүк алып келиши мүмкүн. Күйөө акылдуулук менен тең салмакты сактаса, эч бир тарапка ооп кетпесе, калыстык жана адилеттүүлүк, акылмандык жана боорукердик чекитинде бекем турса, үй-бүлөнүн маанайы жакшы, жайлуу, жагымдуу жана эркин болот. Эгерде жоопкерчилигин унутуп, эссиздик кылып койсо, үй-бүлө имаратына жарака кетиши мүмкүн.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.