Тил

Кудай менен пенденин ортосундагы сыр эч кимге керек эмес. Бул сөздүн мааниси мындай: пенде Кудай үчүн кылган…

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Кудай менен пенденин ортосундагы сыр эч кимге керек эмес. Бул сөздүн мааниси мындай: пенде Кудай үчүн кылган… — сүрөт

Кудай менен пенденин ортосундагы сыр эч кимге керек эмес. Бул сөздүн мааниси мындай: пенде Кудай үчүн кылган иштерин башкаларга айтпашы керек. Мындан тышкары, Кудайдын ага кылып жаткан жана кылган ырайымдарын да ачыкка чыгарбаган утат. Демек, адам баласы Кудай үчүн кылып жаткан ишин жана Кудай ага берип жаткан нээматтарды жашырса, ушул туура. Андай кылбаса, эмне болот? Кудайды сүйгөн Кудай үчүн иштесе, максаты Кудайдын ыраазылыгы болсо, аны айтса, калгандары бул үчүн ага «азамат, бали, кудайчыл экенсиң» десе, ал мындан кубанса, максат кайда калат – ал Кудайдын ыраазылыгын ойлогон беле, же адамдардын алкышынбы?! Кудай пендесине жардам берет, керемет берет. Бул жакшы иш үчүн сыйлык сыяктуу. Кичинекей балага «бали» деп короз момпосуй бергендей. Бирок пенде кичинекей баладай кылык кылбаганы кооз – кандай керемет болсо да, айтпасын. Анткени Кудай – падыша, адам баласы – кул. Кул падышанын сырын эмне үчүн ачышы керек? Падышанын сырын ачкан сарайдан куулбайбы? Пенде өзүнө берилген керемет жөнүндө сөз ачканынын натыйжасында карапайым адамдар аны Кудайга жакын зат деп айланчыктап калышат. Ий, эй кудайчыл, сен өзүңдү Кудай деп жарыялайын дедиң беле? Чектен ашкан кичипейилдик ушундай жасалмалуулук, анын келбети чектен ашкан текеберчилик сыяктуу эле суук. Чын ыкластуулук жана жөнөкөйлүк, ченем жана орточолук – чыныгы кооздук жана куткарылуу. Кудайды тааныган адамда чектен ашуу болбойт экен, чектен ашылган ар бир жерде Кудайдан бейкабарлык болот экен. Гапылет ушундай калың парда экен, кимдин көзүн жапса, киши мас болуп, эч нерсени байкабай калат экен – шүгүрдөн, сабырдан алыс экенин, дүйнө түйшүгү аны басып алып, жүрөгүн бекер нерселер ээлеп алганын адам баласы билбей жүрөт экен. Ошондуктан күн сайын тынып, ызы-чуудан алыс болуп, көздү жумуу – жакшы иш. Каталарды талдоо жана өкүнүү, салмактуулук менен дүйнө ишине көз салуу – нак даанышмандык: ушунча жүгүрүп-желгениме карабай бул дүйнөнү таштап кетем; мени алек кылган нерселерден кандай пайда табам? Иштеримдин баасы кандай – жакшыбы, жаманбы?.. Жүрөгүмдү эмнелер толтурду, жашоомду эмнелер басып кетти? Кимдерге зулум кылдым, кимдерге адилетсиздик кылдым?.. Кээде агымга өзүн таштаган чөгүп кетүүдөн кутулат экен. Чынында, Кудай менен көбүрөөк жана узагыраак сырдашкандын жүрөгү бейпил, нафсиси тынч. Кудай менен адам баласынын ортосундагы сырды эч ким билбесин, муну билбесе, пенделер эч нерсе жоготпойт; билгени менен эч нерсе таппайт. Карапайым элдин оозуна алек болор нерсе керек: же бирөөнү мактоо, же бирөөнү чайноо. Мактаганын унутат, чайнаганын түкүрүп салат. Карапайым элдин оозуна түшүүдөн сак болуу керек.

Акром МАЛИК

1 940жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    Сегизинчи бап

    КАЙЫН ЖУРТ Төртүнчү бөлүм Келин Келин түшүнүп жетиши керек болгон чындык мындай: ал урпактын, үй-бүлөнүн борбору болуп саналат. Бардык иштер, сөз-кептер келиндин айланасында…

    4 мүн.

    Көз карандылык – жаман балээ. Кандайдыр бир зыяндуу жана тыюу салынган ишке берилип калуунун аты – көз…

    Адепти өзүнө негизги өлчөм жана эреже кылган элдердин маңдайы жарык, жашоосу кайгыдан арылган. Адепти зарыл деп билбегендердин түнү-күнү денесинде оору бар. Эң жаман иштерден да…

    2 мүн.

    СЕГИЗИНЧИ БАП

    Үчүнчү бөлүм Кайын эне Кайын эне дегенде, биз бул жерде келиндин кайын энеси жөнүндө айтып жатабыз, күйөөнүн кайын энеси кийинки бөлүмдөрдүн биринин темасы болот. Кайын эне аял…

    4 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.