Жашоо
Убакыт үнсүз жүрөт шашпай, салабаттуу,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Убакыт үнсүз жүрөт шашпай, салабаттуу,Көтөрбөйт эч качан ызы-чуу же союл.Өзүңдү сезесиң күндөн-күнгө кор,Ар күн жүрөгүңө жаап турат кар.Кеңдикке жайылып кеткендей түтүн,Төштө жешилип кеткендей бүтүн,Сөздөрдөн баш тартып, жумасың көздү –Дүйнө асманында көрбөгөндө тирек.Билгин, сен да бир үйүм көч болуп калдың,Акыбетке, мээримге зар болуп калдың.Мазмуным ток деп айткан сөздөрүңө тескери –Сыноолордун колунда куру болуп калдың.Ойлочу эмессиң жылан чакпаспы деп,Же көктөн от түшүп күйгүзбөспү деп.Бүгүн ийниң бүгүп кадам басасың –Башыма дагы таш жаабаспы деп.Атүгүл кызык эмес – ааламдагы кеп,Түркүн мүнөздүү бани Адамдагы кеп.Анткени түшүндүң, бүгүн туура келбейт –Кечээ болгон майрам, азадагы кеп.Жашоо – тажаллилердин гүл багы,Мүнөзүң – иштериңдин булагы.Иштериң тагдырдын кейпиндеАр дайым катуулук менен алдыңдан чыгат.Демек, өзүң – бейтап, шыпаа керектир,Өзүңө өзүңдөн ашкерелөө керектир.Бар, өзүң өзүңө кошуун тартып сенЖана жеңгин – өзүңө падыша керектир.Кээде түз жүрүп, кээде адашып жатасың,Жашоо китебиңе сөз жазып жатасың.Бул коркунучтуу, бирок улуу ардактуу сапар –Өзүңдүн ичиңде жол басып жатасың.14-август, 2024-жылАкром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.