Тил

Жашоо

Эч кимге болбосоң көз каранды,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Эч кимге болбосоң көз каранды,Бир кишиден күтпөсөң ырайым,Оюңда эркиндик жаркырап турса,Өз үйүңдө өзүң урматтуу.Бир сөз айтып, туйбасаң коркуу,Өңдө-түштө кубалабаса коркуу,Чындыкты ашкере кылганда,Кишен ичинде тартпасаң «йа-ху»!..Жан-дилиң менен тартып эмгек-азап,Адал жолдо тапканыңда казына,Каракчыдан аман болсоң да,Сезбесең башыңда кысым.Эркиндиктин көрүнүшү ушул,Эркин жашоонун көркү ушул.Бирок эркиндиктин бир баскычы бар,Эки дүйнө тартуулайт нурун.Ыйманыңдан ачып алып канат,Ач көздүк, кызыгуудан тапсаң куткарылуу,Тынчын жоготкон жүрөктүНапсинин колунан кылсаң азат!Шайтандын жамандыгы тийген эмне бар,Таза кылсаң, калбаса чаң,Бул – Рахмани Эркиндик, чын,Анда кордук болбойт эч качан!2020-жыл, 21-августАкром МАЛИК

2 210жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.