Тил

Даанышмандык

Эгер ар бир адам күзгүгө караса,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Эгер ар бир адам күзгүгө караса,Көрөт: чыныгы жүзү сулуу эмес.Бир заматка да бетме-бет туралбай,Ошол үчүн ар ким өзүнөн качат.Күнөө иш кыл, жакшы иш да кыл,Өкүнүч күйгүзсүн жүрөгүңдү кээде –Кээде азиз бол, кээде кор бол,Кээде хикмат айт, кээде куру сөз!..Сага мээриминин нурун тартуулап,Рахмат эшиктерин кенен ачып коюп,Боорукердик кепесинен орун көрсөтүп,Сага ким дос болот эң кызыкчылыксыз, эң?!Ишен, дартыңа эч ким далы тоспойт,Эч ким кайгы ташыңа калкан боло албайт!Таруудай күнөөңдү ким көрүп калса,Тоодой деп ааламга шаттанып жаят.Чыныгы сөз ушул: жүрөгүң менен көр –Ар бир абалыңдан кабардар жалгыз Зат бар.Анын даргөөсүнө башыңды ур,Ал Сага жардамчы, Ал – куткаруучу!Анын сыпатынан үлүш алып,Мүнөз тарбияла Сен да, эй пенде.Башкача айтканда, чынчыл дос болупЖашоону кааласаң – ошондой дос бол!Акром МАЛИК

2 990жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.