Ыйман
Эй, жүрөктүн тилинен бейкабар адам,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Эй, жүрөктүн тилинен бейкабар адам,Жүрөктүн согушун бакыт деп билген зат.Дүйнө караңгысынан көңүл кара кан,Роббим уруксат берсе, кагып канат,Учмакмын кайтпаска эч качан.Коркуу чеңгелинде алганың демКөр кучагынан оор жана караңгы.Түшүн, акыры, максат жашоо эмес,Аалам капасында көгүчкөндөй сайрап!Жүзүм жарык абалда жан берсем, болду...Чөлгө качсамбы? Же болбосо үнсүз, дудукАскалар койнунан издейинби баш калка?Сөзүн кайталап таң, кеч, күнү-түнү,Көк көкүрөгүнө башымды коюп ак ниетЖеларгылардын шыбырын угайынбы тынч?Аң-сезимиңди толтурган кайгыларды, кечир,Менин кайгыларым бөтөн деп билди.Анткени тилектериң жашоого зар,Менин тилектерим колумда өлдү,Бойумду бүгүп койгон акырет көчү...Жахан иштерине, кечиргиле, достор,Ой-кыялымды сарп кыла албаймын.Анын алдына барганча наалыпЖана өкүмүнүн астында тизилгенче катарТазаланып алууга шашууда жан...Ал эми денемди басып алып, айхай,Өмүрүмдү сарп кылат мээримсиз алсыздыгым.Роббим уруксат берсе, кагып канат,Жолугуудан кубанып сынык жүрөгүм,Башталса жолугууда түбөлүк жашоо.Сага айкын, акыры, эмне болсо да, сырым,Алдыңда топуракмын, топурактан төмөн.Жүрөк сынык. Көз жаштуу. Сөздөрүм жарым,Өзүңө бара жатам титиреп коркуудан,Ырайым кыл кулуңа, Аллаху Карим!Акром МАЛИК8-январь, 2021-жыл.



Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.