Сабыр
Сабыр кылуу кыйын. Анткени Кудайым
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Сабыр кылуу кыйын. Анткени КудайымПендеге кайсы иш машакат болсо,Ошол иштин сыймыгын кылды бекем,Пенде сыймык нуруна толсун деп!Адеп — баарында эле табылбас гоохар,Анка кушунун уругу — көркөм мүнөз.Адептин жүгү менен сапар кылганБейиш эшигине жетер жасанып.Тарбия — сөөктүн өсүшүндөй кеп,Сөөк ооруйт өскөн сайын.Эгер тарбияны талап кыла алсаң,Ачуу ооруларга кабылышың анык.Сабыр. Адеп. Көркөм мүнөз. Тарбия бүгүнАдам баласынын арасында көгөрбөй калды.Көкүрөк көзүнө түйүн байланды,Напси баарыбызды туткунга алды.Мынчалык атырылдың, эй сырдашым,Мынчалык ууну кайдан таптың?!Адептин гоохарын сындырдың, сөзүмдүнКөчөтүн аябай сокурлардай кыйдың.Роббим көмүп койгон нээматтар үчүнШүгүр кылуу эмне үчүн мынчалык оор?!Касиреттен алыста жашайсың бүгүн,Сенин тил албастыгыңдан жүрөгүм ооруйт.Кутурган напсиң — ит. Ит бар мекендеПериштелер болбойт, унутпа, эй киши.Сансыз жандыктар болгон жахандаСенин бар экениң жалгыз эмес.Неге Хак сөзүнө салбайсың кулак,Неге чектен чыгууңда көрүнбөйт жээк?!Көргөнүң, чынында, мээрим, бирокӨз мээримиңе дайыма канкор болдуң.Кудай жакшылыгыңды берсин, шашпа мынчалык,Бир аз акылыңдын көзүн тазала, тунук кыл.Алдыңда нээматтар дарыядай агат,Кудайдан бир аз корк, инсап кыл, инсап.08. 11. 2024.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.