Сүйүү
Ыр жазуу мен үчүн машакат, эй дос,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Ыр жазуу мен үчүн машакат, эй дос,Ойноп-күлүп эч айта албайм сөз.Ыр үчүн жүрөгүм күйүшү керек,Же бирөөнү күйүп сүйүшү керек.Ыр үчүн убактымды кээде сарп кылсам,Убактым обал эмеспи деп тарттым кам.Дагы зээн-ойум, көзүмдүн нуру,Көңүлүм, зейиним, жүрөгүм туюму;Дагы ким окуса бул ырды капыстан,Андан да ошончосу ысырап болсочу?! –Деп ыр жазуудан уялдым мен,Ырды эң жашырын сырым деп билдим мен.Бирок бүгүн мынча тар убакыт ичинде,Атүгүл дүрбөлөң, арасат ичинде –Колумда калем. Дагы издеп жатам сөз,Анткени ичимди, ох, күйгүзүп жатат чок.Титирөө тамырымда. Көз жаш жүзүмдө,Жаз менен күз бирдей күлөт изимде.Азап менен кубаныч, айрылуу, жолугуу,Балдай айрылык, санаалуу кыял –Дагы дубаналык болду талабым,Анткени сени сүйүп калдым, сүйүктүүм.15.10.24.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.