Жашоо
Жаш эле. Бышпаган чийки эле ал кез,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Жаш эле. Бышпаган чийки эле ал кез,Азап менен ырахатка эле бейтааныш.Ар күн Нооруз эле, ар күнү айт,Кордук менен ызаатка эле бейтааныш.Таң калып карачу ар таңда, ар кечтеАалам китебинин ар бир тамгасына.Али ачуу эмне — билчү эмес таңдай,Кайгысы жок эле убакыт сарпына.Али жамандардын кылыктарын,Түрдүү-түрдүү күнөөлөрдүн аттарын да;Жана жакшылардын ак ниеттүүсүн,Митаамдардын койгон тузактарын да;Уйкусуз түндөрдө кандай кыйноолор бар,Уйкусуз таңдардын сырдуу демин;Күндүздөрдүн кандай жапакеч болорун,Кечтердин кара зындан, капасын;Күнөөнүн ачуусун, тообонун ырахатын,Өкүнүчтүн уусун, куткарылуунун баркын;Олуялардын жүзүнүн күндөй нурун,Улуу адамдардын улуу сабырын;Жардын камкордугун, аталыктын жүгүн,Душман казган орду, дос тарткан ахты;Кандай болот экен жүрөктөгү түйүн,Марттардын айбатын, алсыз кошоматчыны;Ант берип, антын унуткан затты,Бир заматта сөзүнөн кайткан шордууларды;Көккө көтөргөн канат-куйругун,Баткакка чөктүргөн касирет, сокурдуктарды;Даңк-атак шарабынын таттуу даамын,Жемелөө жебелеринин уулуу учун;Баштын ийилгенин, бойдун бүкүрүн,Жалаа союлунун жеңимпаз күчүн –Бирин да билчү эмес, такыр билчү эмес,Түштөр дүйнөсүнүн жараны эле.Адилет жеңет деп, эрдикти хак деп,Сабырсыз жүрөгүндө чыр-чатак эле.Анан... баары болду. Убакыт мектебиндеСабыр камчысынан көп сабак алды.Жер титирөө кыйраткан жүрөгүндөКыялдар үйүнөн урандылар калды.Эң алгач үнсүздүктүн үйрөндү тилин,Наадандардын алдында унчукпай, тынды.Сүртүп көздөрүнө текеберликтин күлүн,Өзүнө чыдамдан мүрзөлөр казды.Азаптардын найзасына чыдабаган дилАзаптардын уусун билди шыпаа берүүчү.Каршылык чынжырында кармалган бул кулКөздөрүнө салды моюн сунуудан оюм.Бүгүн чөлдөй тынчтыкка жанаТүндөй жымжырттыкка умтулат бейтап.Вулкандай атылуу каалоосу кайда?!.Момундук топурагында ал куттуу.Жана эң улуу илимге талапкер бул кез,Кана, бул илимден насип алса!Бул ушундай илим, сырын адамКымбат гоохардай жүрөгүнө салса –Көздөр нур ичинде жаркырамак, айхай.Жахан болуп кетмек эле чырактай нурдуу,Окуусуна керек тоодой туруктуулук,Өмүрдү сарп кылса да, арзыйт күмөнсүз –Бардык хикматтардын түшүмү, каймагы,Шайтандын амалынын ушул — өлүмү –Бул — чөптөй момун, кичипейил болуу,Жүрөктү аяп, сактоо илими.24.09.2024.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.