Ыйман
Адаштым. Адаштым. Каталар кылдым.
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Адаштым. Адаштым. Каталар кылдым.Сөздөрдүн тузагына салдым башымды.Акыры, Сага карай жылаңач келдим,Курсагыма байладым моюндоо ташымды.Сөздөр өнөрүнүн болдум султаны,Унчукпастык чынжырында кул кыл, Кудайым.Даңк-атак уусун ичиптирмин канып,Эми белгисиздикке көм, ушул экен жайым.Кайсы чөлдөрдө тентидим мажнун,Кайсы бурчтарда калтырдым күнөө…Бүгүн балээлерден кутулуш үчүнСөздөр куюнунан, Раббим, бер пана!Мага зулум кылган, азаптар берген,Бекер кыйнаган өзүмдөн куткар.Рухума эки жүздүүлүктөн зындандар курган,Калптан турган сөзүмдөн куткар!..Эмне үчүн сүйлөөгө батындым!Эмне үчүн минбарлардан издедим даража!Сенин сүйлөгөнүң жетет го, мындан арыСөзүңө кул кыл мени толугу менен!..Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.