Тил

Даанышмандык

Бир жаш жигит ариф адамга

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Бир жаш жигит ариф адамгаБарып башын ийди урмат кылып.Деди: «Эй, маарифат багынын сардары,Мага баян этиңиз, урматтуу аалым!Бир насаат кылыңыз, эсимде калсын,Өмүр бою дилден унутулбасын.Сөзүңүз нур болуп, караңгы жоголсун,Жолдо каталарды өчүрөйүн!»Тынч көз салды кемел муршид:«Оттой күйгөнсүң, ысыгың чок.Ысык сезимдерге толгонсуң,Ичиңде кумардан башка эчтемең жок.Үч сөз айтайын сага, унутпа такыр,Үч сөздөн ачылат берекенин дарбазасы.Эң оболу ниетти таза тут дайыма,Таза ниеттин мекени – дилдин тазасы.Ниет бузулса эгер, өмүр бузулат,Өмүрүң бузулса, дүйнөң талкаланат.Кайгы-капаларың узакка созулат,Өтөсүң бир имарат да кура албай.Экинчи сөз ушул: дил оорутуучу болбо,Тилиң менен, колуң менен зулум кылбагын.Талоонго толгон дүйнө – базар,Базардан чыгасың, чакырса өлүм.Жаштык – өмүрдүн жарымы, оюн деп билбе!Жарым өмүр дилдерди талкаласаң –Бузганың көңүлдөрдүн үйүн оңдойм депКалган жарым өмүрүң өтөт сарсан.Үчүнчү сөз ушул: тынч, салмактуу бол,Сөз, чечимдерде шашпа, апкаарыба.Азап жетсе, күткүн, бакыт келсе, сыр бол,Бир заматка да токтоолуктан чыкпа.Кимдир чуркап өтсө, чуркаба сен да,Кадамыңды тездетпе да, жайлатпа да.Кимдир максатына жетип майрам кылса,Көрө албастык чөйчөгүнөн кылдай да татпа!Жөн гана, ар иштин убагы бар, билгин,Ар жердин өз сөзү болгондой.Түшүнүк, зиректикти шамчырак кылгын,Көрүп турсун көңүлдүн көзү.Шашпагын, көтөрөт бир күнү КудайСага жабык турган пардаларды да.Шашып нээматтардан ажырайсың,Шашып тапканың – жоготуу, азап».Улуу заттын нурунан көзү камашып,Туруп таазим кылды ак ниет жигит.Анын да денесинен нур ташып чыкты,Анткени жүрөккө кирди берметтей үч осуят.Акром МАЛИК

3 540жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.