Даанышмандык
Адамдар айтышса алкыш, апарин,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Адамдар айтышса алкыш, апарин,Алданба короз кант соргон баладай.Чалкалап мактоолорду уккан сайынЧаппа таяк ат минген баладай.Анткени даңк-атагың — убактылуу,Адамдардын мактоосунун туруктуулугу жок.Ар-намысыңа кол чабышса кат-кат,Алардын кылдай да опасы жок.Ойлобо, керектүү адаммын деп,Ойлобо, кимдир бирөөлөр мага муктаж деп.Түркүк болсоң, кана, асманды тирөөч,Күндү башыңа кое алсаң таж деп.Сенсиз да өтөт күн менен түн тынбай,Сенсиз мезгилдер да алмашат туруктуу.Кааласаң, ыраазы бол, кааласаң, көнбө —Бар болушуң эч кайгыны жок кылбайт.Барсыңбы, жоксуңбу, жер бейкапар,Асман укпайт үнүңдү эч.Ааламдагы эң чоң чындык ушул: таптакырМаанисиз доо-дастаныңдан кеч!Өз алдынча абага алданба, жигер,Шайтанга ээрчип көөп кете бербе.Бир күнү азиз башың дубалга тиет,Напсиңдин тузагына түшө бербе.Ааламдын сахнасында бир бүртүкчөсүң,Сага берилген эмес бийлик, өкүм.Эгер көзүңдү ачып, чындап карасаң —Чынында, эч кимсиң, эч кимсиң, эч ким!Акром МАЛИК

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.