Даанышмандык
Жер үстүндө желдиң, чуркадың чексиз,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Жер үстүндө желдиң, чуркадың чексиз,Төрт тарабың кыбла — жол көрүнбөйт.Көзүңдү пардалар гана каптаган,Сага сунулган кол көрүнбөйт.Көздөрүң сокур, акыры, жыгылдың капыстан —Тарс этип жабылды зындандын капкагы.Кучагына алганда сени сырдуу кудук,Тынды бул ааламдын ажеп чатагы.Көздөрүң көнгөндө караңгылыккаБир эшик көрсөттү зындандын түбү.Эшик да ачылганда, не бакыт, мынаСен жолго аттандың топуракты өөп.Жашоо ушундай ажеп, ушундай кереметтүү —Сага күтүлбөгөн белектерди тутат.Кимдир бирөө жер үстүндө тайгаланып жүргөндө,Кимдир бирөө жер астынан жолдорду ачат.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.