Ыйман
Бузукулук кылсын душмандар, мейли,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Бузукулук кылсын душмандар, мейли,Артыбыздан таратсын жалаа.Кимдин көңүлү жалганга ооп турса,Калптарга шексиз алданат.Ээрчигиле жалаанын артынан,Эй көзү сокур, эй наадан эл!Ушактарга чуркагыла жапырт,Силер үчүн бул жөнөкөй абал.Ишиңерде не жакшылык, не жоомарттык,Сөзүңөрдө не илим, не ирфан.Башкаларга бактысыздык жабыштырып,Чектен ашык гапылсыңар ушунчалык.Жалаң дүйнө деп чуркап,Дагы ушак — бир аз бош калсаңар.Ар бир адамды каап, кутуруп,Мындан башка өнөрүңөр жок.Сен аларга карабагын, сүйгөнүм,Жүрөгүңө алба аларды.Ушундай ар түрдүү оорууну жеңип,Сүйүп жаша түн менен күндөрдү.Адамдарды зинакор, бузук деп,Айыптоого ынтызар болсо бирөө!Атүгүл мындай сөз айтпаса да,Жүрсө дайым ушундай жаман ойдо,Мындай абалдан сактасын Кудай!Бир чындык бар, кулак сал:Ушундай мүнөзгө ким кабылса —Өзү болот бузук жана булганыч.Мен тазамын, мен мындан алысДеп кыйкырба, эй жаш короз!Өзүң билбей каласың, Валлах,Ушундай кудукка түшкөндө капыстан!Истигфар айт, тообо кыл,Көз жашыңа ар күнү чөмүл.Бир күнү башкача сайрап,Балээлерге калба көмүлүп!..Бизди кечир, Кудайы Карим,Ырайым кылбасаң, абалыбыз харап!..Биз бечара, биз көңүлү жарым,Такыбалык менен бүтүн кыл, о Раббим!Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.