Тил

Сүйүү

Сүйүү – бир ачкыч, сырлар эшигин ачат,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Сүйүү – бир ачкыч, сырлар эшигин ачат,Сүйүү – бир нур, шайтандар андан качат.Сүйүүнүн кудуретинен аскалар ордунан көчөт,Сүйүүдөн ажыратпагын, йа мээримдүү Аллам!..Машакаттар сүйүү менен жеңилдикке айланат,Жерде төрөлгөн заттар асмандыкка айланат.Сүйүүнүн жиби түбөлүккө байланат,Сүйүүдөн ажыратпагын, йа мээримдүү Аллам!..Жарды түнү-күнү зикир кылуу – сүйүүдүр,Жолдоруна ар көз ирмем көз тигүү – сүйүүдүр.Уу берсе шекер деп шат жутуу – сүйүүдүр,Сүйүүдөн ажыратпагын, йа мээримдүү Аллам!..Сүйүүдөн мактанган калпычылардан бездим,Жалган ышк, напси берген азаптардан бездим.Сүйүү түсүндө болгон сагымдардан бездим,Сүйүүдөн ажыратпагын, йа мээримдүү Аллам!..Сүйүүнү бул отто күйбөгөндөр билбейт,Сүйүү үчүн өзүнөн баш тартпагандар билбейт.Айрылык шарабына канбагандар билбейт,Сүйүүдөн ажыратпагын, йа мээримдүү Аллам!..Сүйүүнүн түсүндө амал-айлалар көптүр,Калптан көз жаш төккөн таштай көздөр көптүр.Ашыкмын деп ойлогон жап-жаш бутактар көптүр,Сүйүүдөн ажыратпагын, йа мээримдүү Аллам!..Дагы эле издеп жүрөм бир вапалуу жарды,Сүйүү деп аталган түбөлүк жашыл жазды.Эгер аткарып өтсөм ышк деген кесип-ишти,Өмүрүмдөн ыраазы элем, йа мээримдүү Аллам!Эй, ышктан бейкабар зат, жүрөгүңө назар салгын,Ышктын чөлдөрүнө сен да бир сапар кылгын,Ышктын отунда күйүп мекенге аман жеткин,Сүйүүдөн ажыратпа, йа мээримдүү Аллам!..Акром МАЛИК21.07.2024.

1 980жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.