Сүйүү
Кайда барба, алдыңдан деңиз чыгаар,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Кайда барба, алдыңдан деңиз чыгаар,Жер жүзү бүт суу менен курчалган.Сүйүү машакат менен эгиз жүрөөр,Ышктын чөлүндө урмат-сый жок калган.Эгер сүйгөнүңдөн азап жетсе,Ыракат деп билбесең, о, зар ашык,Ышктын кахар кышы карын төксө,Жүрөгүңдө лаулап турбаса жаз ачылып —Канча ыр төгүп, токусаң да дастан,Сүйдүм деп айтканың жалган, жалган!Акром МАЛИК

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.