Даанышмандык
Карганын мекени — бутактын үстү,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Карганын мекени — бутактын үстү,Уруктун мекени — топурак асты.Өз ордунан кечкен атак кастында,Акыры куурап, сандалган болор.Бышканча күтсөң, издеп келишер,Өскөнчө күтсөң, сизлеп келишер,Күтпөгөндөр гана боздоп кетишер,Сабыр эткен сүйүлүп, сүйүктүү болор.Кайырчы болсоң, көңүл, шах болом дебе,Чокусуңбу, эч качан кудук болом дебе,Күнсүз жаркырайм, ай болом дебе,Ордун так деп билген шахана болор.Шермин деген чөө — күлкү дегенче күлкү,Бөрүгө тең болбос эч качан түлкү.Эң улуу өзгөрбөс чындык бул — мына:Чегин билген адам кубаттуу болор.Ар тектин сыпаты — туруктуу, туруктуу,Сыпат өз тегинен түшпөйт эч убак.Берметтен бермет келет, жакуттан жакут,Тегин таза туткан акылман болор.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.