Сүйүү
Сени эстеп дайым кан жуттум, ээ, вах,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Сени эстеп дайым кан жуттум, ээ, вах,Кан түкүрүп караңгы күндөрдөн өттүм.Жүрөк азап ичинде болду кап-кара,Таңдарга кан түстүү көзүмдү туттум.Сен менен өткөн демдер эле дар сыңар,Сени эстөө болсо — кып-кызыл аза.Жашап бул ааламда айыптуу сыңар,Ишенчүмүн — сени унутмак майрам!Сүйрөп чөл ичинде убакыт чынжыры,Жаралуу денемди алыска элтти.Мен байкуш элем эсиңдин туткуну,Акыры, элесиң акылымдан кетти.Акыры, бүттү бир булганыч аза,Бүгүндөн башталды жап-жаңы майрам!Эми тирүүсүңбү, өлүксүңбү же —Келбейсиң эсимдин бир четине да.Сенсиз бүчүр байлап жашыл бир өмүр,Жүрөгүмдү тапшырдым ӨЗ ЭЭСИНЕ!Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.