Ысыктын карама-каршысы – суук, актын тескериси – кара, жакшынын алдында – жаман жана башкалар. Дүйнө иштери…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Ысыктын карама-каршысы – суук, актын тескериси – кара, жакшынын алдында – жаман жана башкалар. Дүйнө иштери оң жана терс үстүндө. Калайык да эки бөлүк: хас жана авам. Авам ойлонбойт, ээрчийт, кыйкырат, чакырат, кууса, жапырт куат, качса, жапырт качат – эс-уштан ажыраган топ. Калың элдин сүйүүсү, көңүлү жана ыкласы жалган болгондой, каары, жек көрүүсү жана ачуусу да мираж, көңүлү – алдамчы. Калың элдин алкышынан мас болгон – гапыл. Авамдын чуусу жеңиштин же жеңилүүнүн көрсөткүчү эмес. Хастар унчукпайт. Хастардын хикматын калың эл текке кетирет. Хастар – качан жана кандай сөздөрдү айтуу керектигин билген адамдар. Хастар – дүйнөнүн убактылуу ишине курман болуудан өзүн да, башкаларды да сактай алгандар.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.