Мектептин милдети жалгыз билим берүү менен чектелиши бир жактуу натыйжага алып келет. Тарбияны шайкештирүү…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Мектептин милдети жалгыз билим берүү менен чектелиши бир жактуу натыйжага алып келет. Тарбияны шайкештирүү деген сөз да бүдөмүк. Билим берүү менен тарбиянын максаты так аныкталып алынышы шарт.
Бала эртең чоң адам болот.
Бала эртең үйдүн, тукумдун, акыры, коомдун ээсине айланат.
Бала жашоо майданында кантип кыймылдоону билиши керек.
Жакшы менен жаманды, ак менен караны, пас менен бийикти ажырата алышы керек.
Бала дүйнөдө ырайымсыз, амалкөй, жасалма, чечкинсиз кишилер бар экенин билиши зарыл.
Бала напси менен шайтандан келе турган жамандыктардан кабардар болушу шарт.
Бала көңүл оорутпоону, берилгендикти, ой жүгүртүү менен тадаббурду, эрдик менен коркпостукту үйрөнүшү керек.
Баланын колуна жашоонун картасы берилип, аны кантип колдонуу үйрөтүлүшү керек.
Баланын жарым күнү мектепте өтөт.
Баланын бүт ааламдагы алтындардан да кымбат убактысы мектепте өтөт.
Бирок ал мектепти бүтүргөндө жашоо жөнүндө эч нерсе билбеген, бою узун, үнү күрүлдөгөн бир акыл-эс катары көрүнөт.
Эң кызыгы, ал мектепти бүтүргөндө ымала, хикмат, токтоолук, жоопкерчилик, иштердин акыбети жөнүндө ойлоно албашы анын өнөрсүз жана жалкоо, бети ачык жана оюнкараак экени менен пропорционалдуу келет.
Дагы ал бир топ жалганчы, бир топ куу да.
Мектеп жалгыз билим берсе, атүгүл тарбия берсе да максат ишке ашпайт.
Мектеп АДАМ өстүрүп берсин.
Тамгаларды, сандарды же формулаларды, окуяларды же жылдарды жаттаган вундеркинд эмес, тескерисинче, АДАМ өстүрсүн.
Бул адам жашоодо жашоо эмне экени жөнүндө, жок дегенде, баштапкы маалыматтардын ээси болсун.
Колунда 3 – 4 кесиби болсун.
18 жаш – бул наристелик эмес да, кандай болгон күндө да.
Антпесе, мектептер өз милдетин аткара албаган, жөн гана баланын өмүрүн ысырап кылуучу, анын 12 жылын камакта кармап туруучу жай бойдон кала берет.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.