Тил

Эй, жүрөгү гүлдөй назик Аял!

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Эй, жүрөгү гүлдөй назик Аял! Эй, акылы сезимдердин бороонунда тегеренип калуучу Алсыз жан! Эй, чечимдери дайыма өзгөрүп, экиленүүлөрдүн ичинде калуучу Назик жан!

Сени бийиктетүүчү, улуу макам берүүчү Милдетиң жөнүндө эскертким келет.

Эй, Аял! Эй, Эне! Эй, урматтуу Зат!

Бутунун астына бейиш төшөлгөн нурдуу Жүз!

Сен алтынга кызыгасың, байлыкка, сулуулукка жүрөгүң тартат.

Кээде каалоолоруң кайдан башталып, кайда бүтөөрүн билбей каласың.

Кимдир бирөөгө таянуу жана кимдир бирөөгө ишенүү үмүтү менен жашайсың, ошон үчүн да Аялсың!

Бирок ишен! Ишенгин, Сенин улуу Милдетиң – берилген жар болуу. Күйөөнүн ыраазычылыгы менен бейиш эшигинин ачкычы колуңа берилет.

Андан кийин – Энелик макамы!

Уулдарды жана кыздарды чоңойт.

Аларды сүй, багып өстүр. Алар үчүн өзүңдү курман кыл, алардын жакшы адам, салих адам, адал жана абийирдүү адам болушу үчүн аракет кыл.

Бул – бир согуш майданы.

Ушактарга кулак салба. Кимдир бирөө сени тоотпосо, көңүл бурба. Кимдир бирөө ушак-айың таратса, көз салба.

Сен КЕЛЕЧЕКТИ КУР!

Сен арстандарды тарбияла. Абийирдүү кыздарды өстүр.

Бүт көңүлүң менен чыныгы ЭНЕ болууга умтул. Балаңдын алдында дүйнөнүн бардык каалоолорун өрттөп сал. Менин напсим, менин каалоолорум чы деп айтпа. Курбуларым ушинтип жүрүшөт, мен чы деп айтпа.

Урпактарың – мына ушулар Сенин Улуулугуңдун тамыры.

Элестетип көр: сен тарбиялаган уулдар журттун кызматына жарай турган, элдин жүгүн көтөрө турган, эр жүрөк жана даанышман болуп жетилишти.

Келиндер түшүрдүң. Кыздарды узаттың. Неберелерди көрдүң. Канчалык урмат жана сүйүү ичинде болоруңду ойлоп көр.

Убактылуу ойун-зоок, кумарларга, напсинин артынан чуркаган кыздар бүгүн бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жатышат.

Карьера кылам, илим алам деп өзүн алдап жүргөн алсыздар өз мүмкүнчүлүктөрүн, өздөрүнүн илахий жана фитрий бактысын өрттөп жатышат.

Бүгүнкү кол чабуулар, наамдар, алкыштар, каржылык көз карандысыздыктар – эч бири сага түбөлүк бакыт бербейт, өмүрүңдүн каймагын сен түбөлүк жолго тикпесең, жолдун аягы абдан ачуу жана оор өтөт.

Эй, аял!

Эй, күнөөсүз жан!

Аял коомдо активдүү болсун, дагы бир нерселерди кылсын деп чуркап жүргөндөргө алданба.

Улуу Эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылба. Бутуңа бейиш пайандаз болуп төшөлүп турганда баткактардан жүрбө.

Бул ойлорду жаттап ал. Түшүнүп ал. Ичиңе сиңир жана өзүңдү берилген адал жар жана Эне болууга толук арна!

Өмүрүңдү, эмгегиңди, ден соолугуңду бул жолго жумшайсың жана алган түшүмүң үчүн эч качан өкүнбөйсүң, тескерисинче, бактылуулук жана ыраазылык ичинде болосуң! Бирок башка чыйырлардан жана жин көчөлөрдөн кеткендердин, кызыл желек-ак желек болуп жүргөн шордуулардын акыбети эмне болору жалгыз Кудайга аян!

Сен тандаган жолдо натыйжа кепилденген, бирок тескери тарапка тентигендердин эмне болору караңгылык-түнөктө. Аларды кара бир туңгуюк, суук түндөр, ажыдаардай коргоосуздук жана аянычтуу ах-наалалар күтүп турушу ыктымал, Кудай сактасын!..

7 050жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    Эң туурасын табуу – машакат. Ишене бер, ушундай.

    Жүрөгү ойгоо жана идиреги терең адам эч качан жалганга көнбөйт. Ал дайыма чындыкты каалайт. Адашып, тентип жүрсө да, чындыкка кайтат. Жашоодо белгилүү мыйзамдар бар. Аларды ачуу…

    1 мүн.

    Кетсең, ыраазылык алып кет. Кимден карыз болсоң, сөзсүз аны ыраазы кыл. Карыздарлык дегенде көбүнчө рухий…

    Сага илим берген, кесип үйрөткөн, оор күнүңдө бооруна баскан, жакшылык кылган, кандай түрдө жана канча өлчөмдө болбосун, сага жардам колун сунган адам сенден артык. Мыйзам…

    1 мүн.

    Дагы мектептер жөнүндө сүйлөшсөк...

    Жаңы Өзбекстан чыныгы маанисинде жаңы. Анда жаңы деп атаса боло турган сансыз жаңылыктар бар, алардын айрымдары ушунчалык ылдамдык менен жашообузга кирип орношууда, көзүбүз…

    3 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.