Кетсең, ыраазылык алып кет. Кимден карыз болсоң, сөзсүз аны ыраазы кыл. Карыздарлык дегенде көбүнчө рухий…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Кетсең, ыраазылык алып кет. Кимден карыз болсоң, сөзсүз аны ыраазы кыл. Карыздарлык дегенде көбүнчө рухий карыз эске алынып жатат.
Сага илим берген, кесип үйрөткөн, оор күнүңдө бооруна баскан, жакшылык кылган, кандай түрдө жана канча өлчөмдө болбосун, сага жардам колун сунган адам сенден артык.
Мыйзам ушундай.
Сен андан карызсың.
Ушундай карыздар бар, ааламды сатып, акчасын берсең да, төлөнбөйт. Балким, анын акысы көңүлдүн ичинде. Жүрөктө.
«Менден ыраазы болуңуз, берген нан-тузуңузга ыраазы болуңуз. Илимиңиз үчүн, мээрим-сүйүүңүз үчүн ыраазы болуңуз. Биз татыктуу боло албадык, алдыңыздагы карызымды эч качан төлөй албайм», – деп кой. Ушинтип айтууну бил. Бул сөздөрдүн чындык экенин чын дилден түшүн да, анан тилиңе чыгар.
Балам, көңүл – Теңирдин назар салган жери. Акысы сага өткөн адамды ыраазы кылбай туруп, ишиң оңолбойт. Сага акысы өткөн адамдын жүрөгүндө бир аз болсо да таарыныч бар экен, ошол таарыныч сени эч качан коё бербейт.
Балам, кимдир бирөөгө ийилип, колун өптүңбү, кимдир бирөөдөн карыздарлыкты сездиңби, ак батасын ал, дубасын ал жана дайыма издеп-сурап тур.
Бул сен үчүн абдан чоң ийгилик жана келечек эшиктерин ачат, иншаАллах. Шексиз.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.