Адегенде напсиге ээрчийбиз — амалдарыбыз жаманданат. Тыюу салынган иштерди кылабыз. Мунун натыйжасында…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Адегенде напсиге ээрчийбиз — амалдарыбыз жаманданат. Тыюу салынган иштерди кылабыз. Мунун натыйжасында жүрөктө оору пайда болот. Акыл напсини жийиркеничтүүлүктөн тоё албаганда, адам жийиркеничтүү иштерди уланта берет. Жүрөк адегенде дат басат, аны кара көө басат, андан кийин бузулат, чирийт, бир ууч сасык суюктук абалына келет. Мына ушул — жүрөктүн өлүмү. Кудай сактасын! Жүрөктүн оорусу эң оболу ачуу менен көрүнөт. Ачуунун бекерден-бекер жалындашы жүрөктөгү олуттуу оорудан кабар берет. Экинчиден, текеберлик, башкаларды төмөн көрүү жана алардан өзүн жогору көрүү — жүрөктүн дарты. Үчүнчүдөн, адамдар жөнүндө дайыма жаман ойдо болуу, аларды негизсиз айыптоо — жүрөктүн иллети. Төртүнчүдөн, адамдардын айыбын билүүгө, сырларын ачууга ынтызар болуу жана мындан ырахат алуу жүрөктүн олуттуу жабыркаганына далил болуп эсептелет. Бешинчиден, мактоону жана мактанууну сүйүү жүрөктүн абалы аянычтуу экенинен. Алтынчыдан, адамдардын көңүлүнө жана таануусуна, өзү жөнүндө арттан келе турган алкыштарга ынтызарлык — жүрөктүн алсыздыгынан. Ушул сыяктуу иллеттерге кабылган адамдарда шашкалактык, акыйкатты жана насаатты кабыл албоо, ушакчылык, чагымчылдык, калпычылык, куулук, эки жүздүүлүк, зулум сыяктуу аракеттер көрүнөт. Жүрөктү оңдоо жөнүндө ойлонуу керек. Ошондой эле, арам жана шектүү тамактар адамдын жүрөк оорусунун негизи. Ар кандай жараксыз аракеттин түбүндө жүрөктүн оорусу жатат.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.