Тил

1-бөлүк

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

1-бөлүк

Ышк жөнүндө уккан адам от жөнүндө угуп, анын жарыгынан пайдаланган, бирок күйбөгөн көпөлөккө окшош.

Отко күйгөндө анын бүтүн денеси калбайт. Күйөт да, бүрүшүп көмүргө айланат.

Ышкка кабылбаган киши анын эмне экенин билбейт.

Ышкка кабылуу – бул кордук жана алсыздык.

Эс-учтан айрылуу жана шерменде болуу.

Акыл да, идирек да ышктын алдында аман калбайт!

Ышктын күчү өчүп, акылдын бийлиги кайтканда, ашык кылган иштерин түшүндүрүүгө алсыз.

Бирок ышктын азабы, ажырымы жана айрылуусу алып келген оору, кордугу менен шерменделигинин натыйжасында пайда болгон жемелердин алдында жанын ууучтап калат.

«Дагы ышкпы… Кандай мусибат!» – деп күйүнгөн жүрөк жана ышктын алдында өлүмдөн качкан жандай тыпырчылаган акыл ышктын балээсинен жана зулумунан кабардар.

Ышкка адегенде кызыгуу менен кирген адам андан аман-эсен чыгып алса, кайра ага жолугуудан үрөйү учат. Ышктан кантип аман чыктым деп таң калат. Ышк себептүү калган күйүктөрдү карап, коркунучтуу түш көргөндөй калтырап кетет.

Ышктын зулуму жөнүндө абдан көп хикаялар бар, бирок алардын ичинен эң таң калыштуусу – жашы улуу бир аулия кишинин христиан бир кызга болгон акылга сыйбаган сүйүүсү. Бул ышкты түшүндүрүүдөн акылдар дале алсыз, даанышмандык унчукпайт. Бирок ал шейхтин ышкка чынжырланып, акыл-эсин, ыйманын жана Исламын колдон чыгарганы – чындык.

Хикая мындай: шейх Санан аттуу кишинин төрт жүз мүриди бар эле. Өзү Меккеде жашачу, ар бир мүриди ыйыктык жолунда макамдарга жеткен, өзү көргөн ар бир түш чындыкка айланчу. Күндөрдүн биринде шейх Санан өзүн Румда, бир христиан кызга сүйүүсүн билдирип турган абалда түшүндө көрдү. Бул түш токтогон жок. Күн сайын көрө берди. Акыры шейх бул түштүн хикматын билүү кумарына берилип, мүриддери менен Румга жол тартты. Румдун борбору Кустантания христиандардын колунда эле. Шейх Кустантанияга кирди. Чын эле, ал чиркөөгө ибадатка бара жаткан 18 жаштагы христиан кызды кокустан көрүп, ашык болду. Мунун эч бир түшүндүрмөсү жок эле. Шейх ышкын канчалык жашырбасын, айласыз калды, ышк аны күйгүзө-күйгүзө акылын алды, балким, ышк баарынан мурда анын акылын күйгүздү. Шейх жинди абалда Кустантаниянын көчөлөрүндө тентип жүрө баштады. Барып-барып мүриддер андан уялып, адегенде насаат, кийин жеме кыла башташты. Бирок шейх эч бир сөздү кулагына илген жок, тескерисинче, анын ышк себептүү жиндилиги чектен ашып кетти. Христиандардын балдары эсин жоготкон абышканы таш бораң кылууну адат кылышты. Шейх сүйгөнү өтө турган көчөдө күн-түнүн өткөрө турган болду. Анын эч нерсе менен иши жок эле. Мүриддер тегеректе айласыз жүрүшүп, шерменделиктен өздөрүн кайда коерун билишчү эмес. Акыры шейх христиан кызга өз сүйүүсүн билдирди. Кыз аны шылдыңдап күлдү да, кетти. Шейх эми кыздын көчөсүн мекен кылып, сүйүүсүн билдирип жатып алды. Акыры, бир топ убакыттан кийин кыз аны менен сүйлөшүүнү туура көрдү: «Мусулман шейхтери ушундай болот экен да. Мейли, менин жакындыгымды кааласаң, диниңден чыгасың, шарап ичесиң, Куранды өрттөйсүң; үч жыл күндүзү чочко багып, түнү биздин чиркөөдө от жагасың…» Шейх шарттарды бактылуулук менен кабыл алды, мүриддер андан баш тартуудан башка жол таппай, ах уруп, пирлеринен жүз буруп, төрт тарапка тарап кетишти…

Уландысы бар.

2 500жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    Ыйман ээсине илхам Кудайдан келет. Жашоо жөнүндө, адамдар жөнүндө, сулуулук жана жалпы эле бардык нерсе…

    Мындай жарык ой жана жыйынтыктардын идирек менен аң-сезимде пайда болушу Рахмандын ырайымы экенин билүү үчүн төмөнкү белгилерге кароо керек: 1. Пайда болгон ойлор шариятка каршы,…

    2 мүн.

    Жыгылганыңда тур дей турган адамың барбы?

    Кайгы сени ээлеп алганда баары жакшы болот дей турган адамың чы? Сени караңгылыктан чыгаруу үчүн чын жүрөктөн күрөшө турган бирөө барбы жашооңдун чөлүндө? Майрамдарда палоо жей…

    1 мүн.

    Улуулардын мындай осуяты бар: «Кемел мүнөздөрдү он бөлүккө бөлсөк, тогуз бөлүгү тагафулдан турат».

    Тагафул – билип туруп, билмексенге салуу. Башкача айтканда, айланадагы адамдардын каталарын, наадандарча жүрүм-турумун көрүп туруп көрмөксөнгө, билип туруп билмексенге саласыз.…

    2 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.