Тил

2-бөлүк

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

2-бөлүк

… Шейх Санан чиркөөдө христиан кечилдеринин арасында динден чыкты, Ислам өлкөлөрүндө каапырлыктын белгиси болгон зуннар жибин белине байлады; шарап ичти жана Мусхафты отко ыргытты (наузу биллях). Андан кийин чочко багып, жайытка чыгып кетти. Шамдан кийин келип, чиркөөнүн отун жагуу менен алек болду. Бул абал үч жыл уланды. Үч жыл бою шейхтин христиан кызга болгон ышкы кылчалык да азайган жок, тескерисинче, көбөйдү; тескерисинче, ал кыз менен боло турган жолугушууну зарыгып күттү. Акыры белгиленген күн келгенде шейх кыздын көчөсүнө барды, бирок кыз ага кылчайып да карабады, абышка анын артынан ээрчип, убадаңа вапа кыл, эй кыз, деди. Кыз ага бир карады да, кары абышканы жаш кыз сүйгөнүн эч көрдүң беле, баарына жеткен акылың ушуга жеткен жокпу, мен сага эч нерсе убада кылган эмесмин, деп бетин буруп кетти. Шейх катып калды. Үмүтү үзүлдү да, шаардан чыгып, чочколорун баға берди. Кокустан, анын мүриддеринин арасында бирөө бар эле – шейх Румга кетээрден мурда аны бир тапшырма менен алыска жиберген эле; бул мүрид ишин бүтүрүп келсе, Меккеде шейх Санан жок, шакирттер чачылып кетиптир… Бул шакирт калгандардын баарын чогултуп, аларга мындай деди:

«Эй, намыс жагынан доңуздан да бетер болгондор! Шейх силерге пир эле, силер ага мүрид элеңер. Анын иршадынан үмүт кылчу элеңер. Бул пакырлык жолунун шарты ушул эле: муршид эмне кылса, мүриддери ага ээрчиши керек, бирок Кудайга жүз бурушу, Кудай үчүн кылышы керек. Адамдарга аралашса – адамдар менен, жалгыз калса – жалгыздык менен калышы шарт. Силердей опасыздарга суфийлердин кейпи арман: такыба ээлеринин хиркасы, селдеси арман! Шейх аман-эсен кезинде сүйүү билдирчү элеңер! Башына иш түшкөндө өзүңөрдү андан алып качасыңар! Устазга опасыздык кылып, аны чиркөөдө таштап кеттиңер. Кудайдан коркпойсуңарбы? Элден уялбайсыңарбы? Пириңер ушундай ишке кабылса, өз жол башчыңардан баш тартасыңар, кызматынан, балким, анын бар экенинен, барлыгынан тойгонсуңар! Өзүңөрдү салих, дербиш дейсиңер. Зуһдуңарга, теспеңерге, селде-таягыңарга уят! Шейх силерди тарбиялабай, ит баккан болсо, асмандан ага мындай зулум жеткен кезде иттери ага вапа кылбайт беле? Айрым иттери кетип калса да, албетте, айрымдары жанында калышмак; анын душмандарын кабып, үрүп кубалашмак; шейхтин кор абалы үчүн улуп, кайгырып аза күтүшмөк; адам опасыз экен, вапа жагынан ит андан жакшыраак! Эгер силер эркек болгонуңарда, устазыңарга ушундай мусибат түшүп, бирөөнүн ышкына кабылганда, өзүнө жапа кылганда, ошол жапаны силер да өзүңөргө ылайык көрүшүңөр, башкача айтканда, жанында кайгылаш болуп турушуңар парз эле! Бирок баарыңар дартсыздык эмне экенин көрсөттүңөр да, устазды наамарттарча таштап кеттиңер!»

Уландысы бар.

2 240жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    1-бөлүк

    Ышк жөнүндө уккан адам от жөнүндө угуп, анын жарыгынан пайдаланган, бирок күйбөгөн көпөлөккө окшош. Отко күйгөндө анын бүтүн денеси калбайт. Күйөт да, бүрүшүп көмүргө айланат.…

    2 мүн.

    Ыйман ээсине илхам Кудайдан келет. Жашоо жөнүндө, адамдар жөнүндө, сулуулук жана жалпы эле бардык нерсе…

    Мындай жарык ой жана жыйынтыктардын идирек менен аң-сезимде пайда болушу Рахмандын ырайымы экенин билүү үчүн төмөнкү белгилерге кароо керек: 1. Пайда болгон ойлор шариятка каршы,…

    2 мүн.

    Жыгылганыңда тур дей турган адамың барбы?

    Кайгы сени ээлеп алганда баары жакшы болот дей турган адамың чы? Сени караңгылыктан чыгаруу үчүн чын жүрөктөн күрөшө турган бирөө барбы жашооңдун чөлүндө? Майрамдарда палоо жей…

    1 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.