Ишеним
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
(Тарыхка жазылган чындык)
Каган сизди чакырып жатат дешкенде, Батыр Башчы баарын түшүндү: өкүмдар бийлигин кеңейтүүгө чечим кабыл алыптыр. Анткени алты ай мурун Ысык-Көлдүн жээгиндеги аң уулоодо Каган: «Чек араларды кеңейтким келет, эмне дейсиң?» — деп сураган эле. «Эң оболу аскерди катуу машыктырыңыз, андан кийин акырындап аларды көбөйтүңүз, аскердин азык-түлүгүн жана курал-жарагын, ат-унаасын камсыз кылыңыз. Баарынын ортосу бири-бирине так тартип менен байлансын: аскер үчүн темирчилер күн сайын кылыч, жаа, жебе учу, найза, калкан жасашсын; малчылар менен дыйкандар эт, арпа жана буудай өстүрүшсүн, бул эч үзүлбөсүн. Ушундан кийин кайсы бир жерди бийликке кошуп алуу жөнүндө баш катырууга болот», — деген эле Батыр Башчы. Батыр Башчы үч каганга кызмат кылган: эс тартканынан бери аскердин ичинде. Согуш жүргүзүүгө, кол түзүүгө, план жана айла ойлоп табууга уста. Мурунку каган эмнегедир аны ордодон алыстатты; эч кандай милдет берген жок; Батыр Башчы Алтай тоолорунда өзү менен өзү кылыч ойнотуп, жаа атып жүрө берди; эч нерсеге кийлигишкен жок; жаңы Каган болсо аны чакыртып, биринчи эле маекте максатын баяндады. Азыр Кагандан кабарчы келгенде, Батыр Башчы эми анын кызматы керек экенин сезди. ... Каган кенен чатырда ары-бери басып жүргөн. Батыр Башчы кирип, таазим кылды. — Батыр Башчы, — деди Каган көздөрү жайнап. — Чечтим, согушка чыгабыз. Сен кол башчы болосуң. Кайсы өлкөгө жортуул кылууну да өзүң айтасың. Батыр Башчы унчукпай калды. Анын унчукпаганы Каганга жаккан жок. — Максатымдын улуу экенине шегиң барбы? — деди ачуусу келип. — Эч качан, Каганым, — деди урмат менен Батыр Башчы. — Акыркы тамчы каным калганча кызматыңыздамын. — Анда эмне каалап жатасың? Эмне үчүн унчукпайсың? — деди Каган бир аз басылып. — Даанышман Көкөман жөнүндө укканбыз... — деди Батыр Башчы. — Аны ким укпаган! — деди Каган кол башчынын максатын түшүнбөй. — Анын эң ишенген шакирти бар эле. Аты Тогалп. Тогалп Көкөмандын оң колу, балким ишенген багы, таянган тоосу эле. Тогалптын айылында дагы бирөө бар эле. Анын да аты Тогалп. Ошол аттуулашы киши өлтүрүп коюптур. Казы аны камаптыр. Бир адам биздин Тогалптын энесине келип: «Уулуң киши өлтүрүптүр!» — дептир. Кемпир ийик ийрип отурган экен. «Жогол, калпычы!» — деп кабарчыны айдап жибериптир. Дагы бир адам жарым саат өтпөй келип, кемпирге уулуң киши өлтүрүптүр дептир, кемпир бир топ ойго батып калган экен. «Бар эй», — деп гана коюптур. Дагы бир аз өтүп үчүнчү киши келип ушул сөздү айтканда, кемпир менин мындай уулум жок деп ийигин ыргытып, үйдөн качып чыгып кетиптир. Батыр Башчы унчукпай калды. — Эмне демексиң? — деди Каган кайра. — Каганым, мен даанышман Көкөмандын даанышман жана таза шакирти Тогалп эмесмин. Сиз да мени Тогалптын энеси аны жакшы билгендей билбейсиз. Эртең кимдир бирөөлөр, мен колго башчы болгондон кийин, келип жамандаса, ар кандай болбогон сөздөрдү айтса, аларга ишенип, менин башымды албай турганыңызга ким кепил болот? Каган Батыр Башчыны эми түшүндү. — Башкача айтканда, сиз мага толук ишенбесеңиз, аскерди башкара албайм. Аскерди согушка баштай албайм. Мага толук ишенесиз, эч кандай ушак-айыңга ишенбейсиз. Мен берген маалыматты гана кабыл аласыз, менден шектенбейсиз, анан колго башчы болом жана сизге сиз каалаган бардык жерди баш ийдирип берем! Эми баары ачык эле. Каган терең ойго батты жана карыган жоокерге бара бер деди. Эки күндөн кийин Батыр Башчыны чакырып, сен айткандай болот деди. ... Бир жыл өткөндөн кийин Батыр Башчы Каганга ал каалаган жерлерди толук ээлеп, тартуулады.
Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.