Бөтөндөр
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Эки уурунун тообосу абдан кызык өттү: бала кезинен чөнтөк кесип, элдин малын шыпырып чоңойгон бул адамдар Молдо Ганий пирдин бутуна өздөрүн ташташты: дат, тообо кылдык дешти. Молдо Ганий адамдардын тообо-зарларына көнгөн. Ибадат жана зикир дарыясында жүргөн бул адам өзүндөгү файзды билчү. Ал күнөөкөрлөрдүн өкүнүчтөрүн сыймык менен кабыл алып, аларды сулукка (рухий жолго) иршад кылчу. Ууру гана эмес, ал тургай бузук аялдар жана хунсалар да пирдин алдында тообо жамын көтөрүшөт. Алардын акысына дуба кылуу жана Хактын зикирине чөмүлүү — пирдин иши. Эки уурунун бири Кабил, бири Харун эле. Экөө тең жең түрүнүп кызматка киришти: пирдин эч бир жагынан муктаждыгын калтырышкан жок. Айрыкча Кабил озуп чыкты: ал пирдин көрөр көзү, угар кулагы болду. Харун болсо башка иштер менен алек эле. Кабилде уурулуктан из да калган жок: ал толугу менен зохид жана ариф кейпине кирди. Ваазы жана насааттарына ынтызар болбогон адам жок эле. Харун талаада иштечү, бирок ичинен ташып келе турган бир сезимден таң калчу: эмнегедир башкалардын мүлкүн алгысы келчү, бирок тообо кылып ыйлачу. Кээде кимдир бирөөнүн мүлкүн сурабай алып, бир айланып келип, ордуна коюп, ушуну менен тынчып калчу; жана ишенчү, албетте, бир күнү бул балээден да кутулат деп. Харундун кылыгын көргөндөр таң калышты: ууру десе, ууру эмес; бирок иши табияттан тыш. Сөз чубалып отуруп пирге жетти. Пирге жеткирген да Кабил болду. «Чынында эле, өз ишине өкүнгөн эмеспи? Чынында эле, тообо антын бузган болсо?» — деп сурады пир Кабилден. Кабил айтты: «Мен билген Харун, албетте, ошол эски кесибин кылган. Ал өзүн мындан тыя алчу эмес!» Пир ойго батты: «Эмнегедир ар жолу Харунду көргөндө, жүрөгүм ордуна келбей жатат. Бирок аны ууру деш кыйын. Далил бекем эмес». Кабил ошол түнү Харундун кепесине барды. Катуу жамгыр жаап жаткан. «Атың ууруга чыгыптыр. Бир жылдан бери пирим муну билчү экен. Сени көрсө, кырк күнгө чейин жүрөгү ордуна келбейт экен», — деди. Харун эсинен танып калды. Эсине келгенде, көзү жашка толуп: «Мен себептүү жүрөгү азап тартса, суук жүзүмдү эч качан көрбөсүн!» — деп өкүрүп ыйлап, айылдан чыгып кетти. Кабил Харунду ууру деп миршабга айтты. Ошол түнү Харунду кармашты, бир эле учурда бир нече киши аны ууру деди. Харундун колун кесишти. Ал оорууга чыдабай ах деди да, эсин жоготту. Чачыраган кан муну карап тургандардын ичинен Кабилдин бетине тийди. Ал селдесинин учу менен канды сүрттү. Айыпкердин калган чолок колун кайнап турган майга матырышты. Ушуну менен колдун кесилгени жөнүндө бүт денеси билди. Кан да токтоду. Адамдар бул көрүнүштү кызыгуу менен карашты. Баары Харунду ууру деди. Жарым сааттай өткөндө Харун эсине келди. Кесик колун соо колуна алды да, адамдардын арасынан унчукпай чыгып кетти. Молдо Ганий баарынан кабардар эле. Ал муридин ууру же ууру эмес дей албаган даражада экиленүүдө калды. Харун шаардан чыгып кетти. Башы ооган тарапка кетти. Бир маалда бир урандыга барып калды. Карап көрсө, бул жердеги бардык адамдын бир колу жок экен. Колсуз адамдардын баары Харунга бир дем унчукпай, деминен тыйылып карап калышты, анан бирден дат деп Харунга карай атылышты. Харун да чыдай албай боздоп жиберди: ичине чок болуп толгон өксүк менен азап тамагынан атылып чыкты. Анын эч жерден даба таппаган жарасы боор ооруткандардын алдында жарылып кеткен эле. Анын дартына жана оорусуна бөтөн кишилер анын үстүнөн күлүшкөн эле, бирок майып мусаапырлар анын азабын абдан жакшы билишчү. Бул жерде тилдер эмес, көз жаштар сүйлөдү.
Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.