Иблисте илим, ирфан жана ибадат бар эле. Бирок ышк жок эле.
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Иблисте илим, ирфан жана ибадат бар эле. Бирок ышк жок эле. Адам да илимди, ирфанды жана ибадатты кесип кылып, бирок ышкты кесип кылбаса, анда шайтандын мазхабын тутуп калуу ыктымалдыгы чоң, Аллах сактасын! Мунун мааниси мындай: илим аласың, маарифат топтойсуң, ибадаттарды кыласың, бирок жүрөгүңдө мээрим жана ышк болбойт. Башкача айтканда, Аллахка, Анын сүйүктүүлөрүнө жана Ал сүйүктүү көргөн иштерге сүйүү бере албайсың. Дал ышк-мухаббаттын жоктугу — текеберликтин булагы, рия менен сумъанын башаты. Сүйүүсүз адам капаланат, сүйүүсүз адам өз ишин чоң көрөт, сүйүүсүз адам сыйлык күтөт. Эгер сен ахли мухаббат болбосоң, ахли мухаббаттарга жакын болуудан сак бол, анткени аларга өзүңдү ахли мухаббат көрсөтүп жакындап, тегиң ачыкка чыгып калганда, кубаласың. Адамдын сүйүүсү сыноолордо жана машакаттарда далилденет. Баарыныкындай сыноо эмес, тескерисинче, башкача, өзгөчө сыноо. Чынында, бул нерсеге адамзаттын өзү ынтызар болот. Устазыбыз тапшырма берди. Шакирттердин ичинен бирөө өз убагында кооз жана толук аткарды, устаз кабыл алды жана биз бул шакирттин эч качан не тилдөө укканын, не мактоо алганын көрбөдүк. Жалпы илимий жыйындарга аргасыздан чакырылбаса, устаздын аны менен иши жок. Бирок бирөө бар. Катанын үстүнө ката кылат. Иштерин көбүнчө кечиктирет. Устаз тилдесе, ыңк этпей угат. Бирок устаз ага буйрук берет, ага иш буюрат. Устаз аны көп эскерет, көп тилдейт, ошондо устаздын тилдөөлөрүнүн арасынан ага карата өзгөчө бир ырайым жана мээрим таптык. Ооба, мээрим-мухаббат — бул ар дайым кооз сөздөр эмес, тескерисинче, көпчүлүк учурда тилдөөлөргө аралашып келет экен. Мухаббаттын сыноосу ушундай: ашыкмын деген адамга башкалардан көбүрөөк эмгек жүктөлөт, назик маселе мындай: ашыктын бул эмгектерден аман чыгышы же буйруктарды кемчиликсиз аткарышы шарт эмес, эгер анда чыныгы ышк болсо, ага ырайым кылынат: анын буйрук аткаруудагы каталары оңдолот, ишти туура аткаруу үйрөтүлөт, башынан аягына чейин ага жардам берилип турат. Жасалма ашыктын мүнөзү иштин башында эле өзүн көрсөтөт: ал ишти аткаруу жөнүндө гана ойлойт; ал ишти үстүрт аткарат; тезирээк кутулууну каалайт; ага жардам да берилбейт, ага башка иш жана буйрук берилбейт, ал сөзсүз жана үнсүз абалда даргөйдөн четтетилет, атүгүл өзү да билбей калат; жасалма ашыктын ышкы ага башкалардан көбүрөөк жүк берилгенде нааразы болгонунан билинет; чыныгы ашыктын чындыгы дал ушул учурларда да сүйүү менен аракет кылганында көрүнөт — ал ар бир машакатты сүйгөнүнөн келген мээрим катары кабыл алат, бул эмгектерге жана машакаттарга өмүр жана күч жумшоодон бакыт сезип, кубаныч кучагында жашайт. Бул — мухаббаттын көрүнүшү. Кайсы пенде Теңирдин мухаббаты өзүнө түшкөнүн билгиси келсе, өз амалдарына карасын: ага баарынан көп машакат келгенде, ал нааразы болгон жокпу? Ал тагдырга эмне үчүн мындай деп каршы чыккан жокпу? Ал өзүнө жүктөлгөн ишти үстүрт кылып жатпайбы? Жообуна жараша түшүнсүн, ал ким экенин! Жана мүмкүн болушунча сүйүктүүлөрдүн катарынан орун алуу үчүн аракет кылсын.
Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.