БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
БИРИНЧИ БӨЛҮМ ҮЙ-БҮЛӨНҮН БИЙЛЕГИ — АТА
Биринчи бап Атанын даражасы
Атанын даражасы эч качан талашка түшпөйт. Ата — үй-бүлөнүн башчысы. Анын сөзү — сөз. Анын оюна каршы чыгууга болбойт. Анын бир да буйругу аткарылбай калышы мүмкүн эмес. Ата сүйлөгөндө баары унчукпай, аны угат. Ата ушакталбайт. Атанын үстүнөн чагымчылдык кылынбайт. Ата алып берген нерселер аяр сакталат. Атанын достору дос, душмандары душман катары саналат. Атанын агалары жана инилери — абалар ата сыяктуу урматталат жана аларга баш ийилет. Атаны капа кыла турган иштер кылынбайт, сөздөр айтылбайт. Ата буйруса, бардык иштер токтотулуп, ошол иш аткарылат. Ата дүйнөлүк иштерде перзенттин материалдык зыянына иш буюрса да, сүйүп-сүйүп аткарылат. Атанын каалоосу үйдө бардыгынын каалоосунан жогору турат. Атанын катасы талкууланбайт. Ата кандайдыр бир кемчилиги үчүн перзенти тарабынан жемеленбейт. Атаны артынан кимдир бирөө жемелесе, перзенти аны дароо катуу коргойт. Атанын ар-намысын жерге урган, анын беделин түшүргөн амалдар кылынбайт. Атанын оюна жана пикирлерине каршы пикирлер айтылбайт. Ата кеңеш сураса, узак ойлонуп, акырын үн менен кеңеш айтылат. Ата менен сүйлөшкөндө жылмайган жүз жана жайнаган көз менен сүйлөшүлөт. Атанын алдында капалуу абалда отурулбайт. Анын даргөйүндө бардык кайгы-түйшүктөр унутулат. Кандай көйгөй болбосун, атага айтылып, кеңеш алынат. Кандай ийгилик болбосун, кооз баяндалып, ата кубантылат. Атанын алдында тизе бүгүп отурулат, кыйшайып отурулбайт, жатып алынбайт. Ата ордунан турса, перзенти да дароо турат. Атанын көзүнө тике каралбайт. Башка адамдардын атасына тил тийгизилбейт, тескерисинче, алардын алдында алардын аталары да урмат менен эскерилет. Атанын жалаң жакшы сапаттары эскерилет; айтылат; үлгү алынат. Атанын кызматына даяр турулат. Атанын муктаждыгы ал айта электе аткарылат. Перзент мүмкүн болушунча атанын көздөрүнө жана кыймылдарына карап, кылгысы келген иштерин, эмнени каалап жатканын сезип, ошол ишти аткарат жана ошол нерсени даярдайт. Атанын акысына күн сайын дуба кылынат. Атанын алдында катуу үн менен сүйлөө, каткырып күлүү, орунсуз сөздөрдү айтуу таптакыр туура эмес. Ата шарияттан тышкары иш буюрса, аткарылбайт, үн катпай унчукпай коюлат жана каршылык да билдирилбейт, сөз да кайтарылбайт.
Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.