Тил

Унутуу — улуу нээмат. Эгер унута албаса, айрым эскерүүлөр адамды кыйратат.

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Унутуу — улуу нээмат. Эгер унута албаса, айрым эскерүүлөр адамды кыйратат. Сиркени караңгы жерге коюп, канча көп жыл сактасаң, ошончолук күчтүү болот экен, кубаты арбыйт экен; адамдын жүрөгүндө калган айрым эскерүүлөр да сирке сыяктуу, аны жүрөктүн ичине, кыялдын бурчтарына ыргытып, андан качкан сайын сени кубалайт, сиркедей кубат алып, бүт денеге таасири өсө берет. Жакшы болгону, Кудай унутуу нээматын берген. Бирок унутуу үчүн убакыт өтүшү керек, убакыттын өтүшү болсо — өмүрдүн азайышы. Адам өзүнө азап берген эскерүүлөрдөн кутулуу үчүн, ошентип, өмүрүнөн жылдарды күйгүзөт, жылдар өткөн сайын унутуу очогунун отун жагат. Баары бир, күчтүү болуу керек, жашоо үчүн, өмүр үчүн күчтүү болуу керек. Адамдардын арасынан кимдир бирөө боорукерлик кылышын күтүү — наадандык, адамдар залым; эч кимде өзүндөй адамга боор оорутуу сезими жок; адам башкалардын тилектеш болушуна үмүт байлабашы керек, башкалардан тилектештик күтпөө — эң туура чечим. Адамдарга жүрөктү ачпоо керек, Мажнундай чөлдөргө чыгып, жапайы жаныбарларга дилди ачуу керек, анткени алардын карашы дартыңды угуп, залымча караган адамдардыкындай оор тийбейт; ак ниеттикти жана моюн сунууну адам баласы билбейт; мүмкүн болсо, адам баласы кишилердин буту жетпеген жерлерге качмак... Балким, дүйнөдөгү жана анын ахлиндеги зулумду, ырайымсыздыкты көргөндөн кийин, аалам сахнасы жашоо үчүн бир зындан экенин түшүнгөндөн кийин, пенде акырет мекениндеги короолорун гүлдөтүүгө аракет кылар... Балким, өз Жаратканына ушинтип жакындаар кул. Балким, ушундай көз ирмемдерде өзү жөнүндөгү бардык маалыматты душмандардын кыялынан шыпырып таштап, өзүн жоктой унуттуруп, өзү да жоктуктун түпкүрүнө изсиз-үнсүз кетүүнү каалаар байкуш мазлум... Балким, өзүнө бирөөнүн боор оорутуусун да, тилектештигин да, залымдар ал тарткан азаптардын миңден бирин да көрүшүн каалабас дарттуу, алсыз жүрөк... Чынында, оору жана азаптар — бир казына, аны бөтөндөргө жана душмандарга бербеш керек. Суу кайнаса, андан жок дегенде буу чыгат; азап тарткан адам жок дегенде үшкүрөт; же өз кайгысын айтат; бул кайгы намахрамдардын кулагына жетпеши үчүн бөтөндөр түшүнбөгөн тилде сүйлөө керек.

6 090жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    Иблистин сыпаттарынын бири — көңүлү чөгүңкүлүк. Башкача айтканда, иблис — бул көңүлү чөккөн жана муңайым. Ал…

    Көңүлү чөккөн адам эртеңден жарык көрбөйт. Бардык окуялардан кайгы жана азап гана издейт. Ал эми үмүттүү адам дайыма жеңилдик жана кубаныч, шаттык жана ырахат үстүндө. Адамдын…

    3 мүн.

    Өз мүнөзү жөнүндө камкордук кылган, өз адебин жана инсабын талдаган жана сулуу ахлакка умтулган адамдын ар…

    Жакшылар күнөөдөн жана маасиаттан азап чегишет жана эч качан пастыктын чеңгелинде калып кетишпейт. Алар насааттан таасирленип, Кудайга жашыруун ыйлап, жалбарып туура жол…

    1 мүн.

    Бул дүйнөнүн иши кызык.

    Айтышат, мунафыктыктын саналган белгилери төртөө: 1. Сүйлөсө, калп сүйлөө. 2. Убада берсе, аткарбоо. 3. Аманатка кыянаттык кылуу. 4. Келише албай калса, ыпластык кылуу (сөгүнүү,…

    1 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.