Даанышмандык
Куттуу даргага кирдиң,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Куттуу даргага кирдиң,Кадамың кутман болсун!Кадыр-баркын билдиң –Ар бир демиң кутман болсун!***Мээрим бөлүшүүдөн чарчаба, адам,Унутпа, мээрим менен нурданат аалам!Жылмайып ар кимге салам бер, досум,Мээримдин булагы – салам, ишен!***Катуу үн менен күлбө, эй жигит!Эл ичинде дабыра болбо, эй жигит!Эшектин айкырыгындай суук, катуу үн,Эшек деген атты алба, эй жигит!***Эң көркөм жашоо бул – таза бир жашоо,Тазалык ишеними айбанга жат.Тазалыкты бек карма, таза бол, досум,Айбан деген лакап сага уят!***Бул чындык ачык миң жылдан бери,Мындан башка сөз жок, барсаң кай жерге –Адамдын затын урматта, эй дос,Урматтаган урмат табат, шексиз.***Шүгүр, дем алып жүрөсүң сак-саламат,Эки бутуң бүтүн, башың да аман.Кубаныч менен гана жашоо керекЖана кадам шилтөө жеңиштер тарап!***Сырың жүрөктө калсын, ааламга жайба,Болор-болбос ишке кайгырба, күйбө!Адамсың, көп нерсе жоготушуң мүмкүн,Бирок таза ниетти жоготуп койбо!Акром Малик



Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.