Сабыр
Сага рахмат, сага ыраазымын,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Сага рахмат, сага ыраазымын,Сага мээримим, эй мээрбан Убакыт!Акырындап мени эркин кылдың,Бул иш болсо да оор, машакат.Каны катты жараларымдын,Ооруларым басылды, шүгүр.Жуулуп кетти каны – канжарларСайылган эле жүрөккө терең.Анда-санда эстеймин алсыз,Сайгылайт ачуу бир эскерүү.Убакыт аттуу тулпарды тез чаап,Кетсем эле алыстарга дагы.Убакыт өтпөсө дечү элем бир кез,Токтоп калса, мейли, дечү элем.Бирок бүгүн бул кандай абал, ажап,Тезирээк өтсүн деп айтып калдым.Көрүнөт ийгилик жайнап-жарып,Көрүнбөйт нурлардын чеги.Бирок караңыз, бактыма каршы,Убакыт деген басууда жай.Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.