Сүйүү
АШЫКТАРГА
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Сүйдүңбү, күйүүгө ыраазы бол да, сүй,Өзүңдөн танууга ыраазы бол да, сүй.Жаназаңды окуп, адегенде өл да, сүй,Болбосо, жалында тура албайсың,Бул жолдо ит сыяктуу үрө албайсың.Табытка денеңди салып жибер, сүй,Өзүңө ат коюп: кор, чаң-тозоң, сүй,Башыңа белек кыл: кесме жыгач менен дарды, сүй,Болбосо, күйгүзгөндө күйүнүчүң чыгат,Эрдиңден «ах» деген онтоң чыгат.Жар бөтөнгө дайым көңүл бурат, сүй,Сенин бооруңду болсо мизсиз тилет, сүй,Дагы абалыңды көрүп шат күлөт, сүй,Болбосо, мындан башка ышк да жок да, дос,Ышк – дилге сайылган уулуу ок да, дос.Жар сени «сүйдүм» деп, вафа кылбайт, сүй,Вафа кылсаң, жападан башка кылбайт, сүй,Сага адашып да кылчайып карабайт, сүй,Болбосо, мындан башка жол берилген эмес,Мындай азапсыз жол басылган эмес.Жар сени өлтүрөт, өлтүрүлгөн бол да, сүй,Жар сага зулум кылат, кабыл деп бил да, сүй,Жар сага өкүм кылат, бир кул бол да, сүй,Бул кулчулук падышачылыктан артык болот,Бул өлүм менен ышк кемелине жетет!Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.