Тил

Жашоо

Кудай бул ааламды жаратты жана

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Кудай бул ааламды жаратты жанаАаламды адамга мекен кылды.Кубанычта, кайгыда бири-бирин колдосун деп,Адамга достукту тартуулады.Достуктун шарты эмне? Башкача айтканда, ал качанТаза дилдерде бүчүр ача баштайт?Достуктун булагы – мээрим, ишен,Мээримден кыш жазга айланат.Эгер даракка, гүлгө мээрим берсең,Атүгүл жаныбарларга боорукердик көрсөтсөң —Чынчыл достордой дилге орношуп,Таза сезимдерди тартуулайт албетте.Бирок бир чындык бар — ааламдай кең,Мээримдин баасын көрсөтөт:Эч бир мээрим тең келе албайтАдамга адам берген мээримге.Демек, мээрим нуру жаркыраган кездеДостук жайнайт, көңүл гүлдөйт.Бирок дүйнөдө дагы бир чындык бар,Андан бейкапар калышың мүмкүн эмес.Адамды кызыкчылыксыз, таза дос тутуу –Кандай улуу иш, кандай улуу амал.Бирок ойлоп көрчү, бир инсап кылып –Теңир «досум» десе, бул кандай абал болот?!Теңирдин достугу баарынан улуу,Ал достук жер-көккө батпайт.Ушундай нээмат ал, берекелүү, куттуу,Ар кандай жүккө далы тоссоң татыйт!..Бирок бул достуктун ачкычы кайда?Кантип Кудайга сүйүктүү болууга болот?Эй дос, сен билгин, бул дүйнө да билсин –Шүгүр менен сабыр – Теңирге сүйүктүү!Сабыр-шүгүр менен ар бир адамзатКудайдын достугуна ээ болот.«Алла» де, эч кимге зар какпа,Кызматка периштелер тизилип келет.Шүгүрсүздөн кач канатыңды жайып,Качууда шамал бол, атүгүл чагылган бол.Бирок кайдан тапсаң шүгүр кылган затты,Ага жүрөгүндөй дос бол, жакын бол!Акром МАЛИК

4 680жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.