Даанышмандык
Бир жигит бар эле күчтүү, баатыр,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Бир жигит бар эле күчтүү, баатыр,Каны кайнап ташкан, өзүнө батпаган.Дүйнө гүйө бутуна баш ийгендей,Ашкерелөө таасир этпейт, насаат укпайт.Каалайт: даңк-атак шарабынан ичсе,Анын аты тилдерде дастан болсо.Эч жоодон коркпосо, оттордон өтсө,Чексиз жеңүүчү баатыр катары шан тапса.Чоң аскерлерди согушка баштаса,Балбандар ичинде сардар аталса!Душмандарга от, жалын чачып,Мизи жоо төшүнө шексиз сайылса!Бирок ойлонуп калды – бул оңой эмес,Ага жолу боюнча устат керек.Ага дартын дастан кылып айтсын,Жандай жакын сырдаш керек.Шыгы деңиздей ташкындап,Бир устатты ага жолуктурду Кудай.Дароо мындай болду анын суроосу:«Эмне кылсам мага толук баш иет дүйнө?»Устат олуя эле – сырлардан кабардар,Хикмат нурларынан жүрөгү үлүштүү.Жигитке жылмайып карады жылуу,Деди: «Кулак сал, эй, акылдуу перзент!Дүйнөнү багындыруу оор иш эмес,Ааламга өкүмдар болуу жакшы амал.Бирок андан мурда бир жумуш бар,Башкача айтканда, адегенде бир шартты аткар!Көзүңдү багындыр – жаман ниет менен карабасын,Куру сөз менен кулакка азап бербе.Тилиңден дайым сак бол –Ушак менен жалганды эч сүйлөбө.Денеңе буйрук кыл – баш ийсин,Жүрөгүңдөн бир заматка да гапыл калба.Напсиңди бир саат да тизгинсиз койбо,Башкача айтканда, өзүңө кемел падыша бол!»Жигит устатына ишеним артып,Өзүн өзүнө каршы аттандырды.Күрөш токтободу жылдар бою, аттиң,Токтобой күчөдү күндөн-күнгө коркунуч.Бир күнү дем алып башын көтөрдү,Айланага көз салды чарчаган даанышман.Көз ирмемдер бирин-бири кууп өтчү,Ал болсо чын сөзгө баш ийди, мойнуна алып:«Колуна алып адам адамдык жарлыгын,Көз менен көңүлдүн ишин чечип алса –Башкача айтканда, Хакка тапшырса бар болмушун,Ааламда дүйнө багындыруучу болуудан артык!»Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.