Тил

Жашоо

Душмандын намыссыз аскери эмес,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Душмандын намыссыз аскери эмес,Курчаса, нээматтар курчады гана.Биз болсо көңүлгө жасадык капас,Шүгүр кылуу абдан болду машакат.Тынч учурлар бизге болбойт жетиштүү,Көзүбүздүн нуруна чыдамыбыз жок.Чектен чыгуубуз эч таппайт акыр,Ишибиз – жүрөктөргө жебе сайуу.Жашоо тартуулаган дем да атүгүл,Денебизге сиңген түркүн тамактар –Бирине да күлүп карабайбыз эч,Кулап түшпөйбү асмандар – чатырлар!Жаркыраган күн – азалуулук,Түндөгү айдан да таппайбыз ырахат!Оор саламдарга алик алуу,Анткени кубанууга кылдай да себеп жок!Таңдын сулуулугу, күндүздүн кайраты,Кечтин сырдуулугу, түндүн сыйкыры;Тынч-аман мекен, достордун кызматы,Ата-энебиздин миндетсиз мээрими –Бири да кубанычка арзыбайт, айхай,Дайыма наалуу, ачуулануу бизге адат.Дайыма кылабыз дат-ою, боздоо,Такыр токтобойбуз бир заматка, саатка.Көзгө ким көрүнсө, ошол жаман,Жаныбызда болгон кишилер го – наакас.Биз айткан сөздөрдөн башка сөз жалган,Биз – күн, башкалар – топурак, тикен, чөп.Жүрөктү оорутууну кылдык күндө зикир,Сабыр-шүгүр бизге душман, душман.Атүгүл өзүбүзгө эмеспиз жанашкыр,Нары туруңуз, бизди кармабаңыз, кучактабаңыз!Бул иштер, бул абал, эй адамзат,Шайтандын мүнөзүн толугу менен тууроо.Жакшы, толкундап турат жашоо,Тирүүлөй күйбөдүк, болбой жатабыз күл!Ырахаттар, жыргалдар кучагында денеЭгер тартса бир жолу кичине азап –Неге жакшылыктардын урматы үчүнКичине сыноого да бере албайт чыдам?Неге майда кайгыны тоодой көрөбүз,Бирок тоодой кайгыга салбайбыз назар?Тозоктун отуна өзүбүздү урабыз –Бейишке карай кылып куттуу сапар?!Роббим, каарыңдан бизди коргогун,Сага каршы чыгып абалыбыз аянычтуу...Абалыбыз – коркунучтуу, таштап койбогун,Ырайымыңды бизге кылгын таяныч!..Саламаттык койнунда, зикир багында,Сабыр көчөтүнөн бергейсиң түшүм!..Нанкор пенделерди тообо учурундаШүгүр нээматына жеткиргейсиң!Анткени, көмүлсө да байлыкка, малга,Напсисинин колунда эзилип турганда –Шүгүрдү унутуп коркунучтуу абалгаТүшкөн пенде, демек, бардыгынан куру!Бирок жеш үчүн бир үзүм наны,Ичүүгө бир кесе суусу болуп, болду –Шүгүрдү өзүнө адат кылса ким,Жаханда андай бай адам болбос!05. 09. 2024.Акром МАЛИК

3 370жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    ХАСБИ ХАЛ

    Эсимде – бир кезде ырлар жазчумун, Сөз издөө жана катар-катар тизүү эле ал.

    Жашоо

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.