Тил

Жашоо

ХАСБИ ХАЛ

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Эсимде – бир кезде ырлар жазчумун,Сөз издөө жана катар-катар тизүү эле ал.Кыял караңгысында наалып кезчүмүн,Чоңоюп, дарттангандан кийин, эрүү эми бул.Дечүмүн ичимде: сулуу бейттеримТилден тилге көчсө сүйүлүп.Болбосо да дурус бир айтаарым,Өзүмдү акылмандай туттум керилип.Убакыт ташы көкүрөгүмдү акырын эзгенде,Тамагымдан окшутуп чачырап чыкты кан.Ырга ышкым өчсө да, бирокКайгыларды сөздөргө тизип чыкты жан.Бир кезде сүттөй таза болгон ойлор,Бир кезде таңдай жарык болгон ат,Бир кезде желаргыдай жагымдуу күүлөр...Баарын бир-бирден кучактай берди кеч.Кыялдар ичине кирип келди өч,Аттын бетине чачырады көп так.Күүлөрдү күйгүзүп жутуп кетти ич,Ичте өчүп калды миңдеген чырак.Дос деп билгеним таарынды капыстан,Атүгүл желбиретти жоолук туусун.Уруктай жашынган көралбастык беле, вах,Тикендүү бадалдай өстү, тикен – жалбырагы.Убакыт ташы денемди эзген сайынӨпкөмө толууда бара-бара кан.Аны бошотпосом, өлөрүм анык –Анткени жашоону каалайт бейтап жан азыр да.Ошол себептен колума калемди алдым,Ошол себептен ачтым бул жаңы дептерди.Сөздөр өлкөсүнө дагы жол салдым,Бир-бирден сууруп тилден бычакты.Момундук топурагында бул муңдуу көңүлКаалайт билдирүүнү муңу-кайгысын.Балким жашоосу бир аз болот жеңилТөгүп чачса жолго түбөлүк кайгысын.Дартты айтуу үчүн бир угуучу жок,Кайгыны бөлүшүүгө жок жар-дилкаш.Ар кимдин көкүрөгүндө жок дегенде бир ок,Эң жакын досунан атылган капыс.Ошол себептен жалгыз сырдаш – кагаз,Эң чапчаң кызматчы – жанкечти калем.Жүгүмдү миндетсиз көтөрөт сөз,Мейли кубаныч болсун ал, мейли ачуу дарт.Балким издесем эгер чын дилден тынбай,Бир дарткаш чыгар адам затынан.Бирок тартынуум бар ушундай –Аны да тажатпайын өз жашоосунан.Сиз да, эй окурманым, кечириңиз,Биздин жолдошубуз – кайгы түбөлүк.Эгер сөзүмдү окууну кааласаңыз сиз,Кош келдиңиз дартка, алейкум салам!5-март, 2024-жыл.Акром МАЛИК

3 060жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.