Сабыр
Жаш аял. Жаш эне. Жүрөгүндө ыйман,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Жаш аял. Жаш эне. Жүрөгүндө ыйман,Беш убак ибадатын эч калтырбайт.Бирок дайым боору кан болчу анын,Бир саатын да кайгысыз өткөрө албайт.Кар бүртүгүнүн өмүрүндөй кубанычынын өмүрү,Кайгысы булуттай каптайт ааламды.Ар күнүн өткөрөт нала жутуп,Түшүнүксүз арманды эч кетире албай.Бир күнү Кудай ага жолуктурдуКөп жыл жашаган бир кары аялды.Сөзүнөн даанышмандык жыты аңкыган,Жаш келин сурады мындай суроону:«Эмнеге бул тагдырдын казасы ачуу,Эмнеге өмүрүмдө түгөнбөйт кайгы?Дайым жүрөгүмдө зулум сайгылаш,Бир кубаныч барбы, акыры, мага да?!»Капысынан кемпирдин бир өкүнүчБырыш толгон жарык жүзүнө чыкты.«Кызым, мынча ах-вах кыла бербе,Өмүр жолу эч качан түз өтпөйт.Билгин, бул өмүрдүн ар бир заматы – сыноо,Эч ким бош эмес – эркек да, аял да.Турмуш дегениң – сыноонун кени,Бирок сабыр кылсаң, табасың алтын!Эгер кайгылардан кутулууну кааласаң,Сага баян кылайын баа жеткис хикмат:Баарынан мурда жүрөгүңдү тазала, өтүнөм,Булганыч ойлорду эч киргизбе!Анан токтот жек көрүү менен менменсинүүнү,Адамдардын берген азабын толук унут.Сабыр-шүгүр жибин бекем карма, тең,Өз айбыңды текшерүүнү да бил.Бирөөдөн капа болсоң, ачууңду чачпа, жетет,Балким ката сенде, бир шек санап көр.Тилдин орду, чындыгында, – капас,Тилиңдин эркин ошентип чекте!Күйөө аялга – падышадай,Падышаңа эч качан каршы чыкпа.Болбосо, ордуң – «Вайл» аттуу кудук,Бакытыңдын гүлбагын куурата көрбө.Эгер күйөөң сенден нараазы болсо,Кубаныч-шаттыктан таптакыр жүзүңдү бур.Анткени бул – илахий мыйзам, КудайКүйөөнүн ыраазылыгына жашырган нур.Эгер сөздөрүмдү бир кеме билип,Анда сүзө алсаң күчүң жеткенче –Кайгылуу өмүрүңө чекит коюп,Тапкан ырыскың болот бакыт-саадат!»Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.