Тил

Сүйүү

Күтпө!

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Күтпө!Күткөн сайын убактың өтпөйт,Жүрөк сырын түшүнбөскө жүрөк ачпа.Бул жаралар эски, эми айыкпайт,Азаптар – досуң, алардан качпа.Жөн гана ыраазы бол – топураксың, бүттү,Бирөөдөн сүйүү күтүп, тамаа кылба.Ашыктын оорусу дайым ойгоо,Айтчы, сүйүүгө баары эле батына алабы?!Сага канча айттым, эй, жинди көңүл,Кандай абалда да соотуңду чечпе!Эми бул – тагдырың! Кордугуңду көр,Жаның тынбай сыздап ооруйт зырк-зырк.Жинденип кайгылуусуң, эй, дартман мажнун,Ышк деп ааламга шерменде болдуң.Абалыңдан душмандар шаттанып ыраазы,Кеседей мелт-калт кайгыга толдуң.Сүйгөнүң сүйүүңдөн тажаган, тажаган,Сен ага умтулдуң, ал кетти алыс.Эмнеге өз жаныңа мынча азап,Ким айтты: «Өзүңдү жалынга жак!»Күтпө!Күткөн сайын көз ирмемдер оор,Бутка таш байлагандай сааттар жылбайт.Жалгыз көңүлбү ал, сыздап ооруган,Жардын жүзүнөн башканы көрбөйт…Акром МАЛИК

4 340жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.